00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бөрүбашов: кыргызга сөз эркиндиги Батыштан эмес, ата-бабалардан калган

© Sputnik / Асель АкматПрезиденттин кенешчиси, эмгек сиңирген юрист, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов. Архив
Президенттин кенешчиси, эмгек сиңирген юрист, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.01.2023
Жазылуу
Президенттин кенешчиси, эмгек сиңирген юрист, Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашов тарыхта кыргыз бийлиги эч убакта монархиялык түзүлүштөн куралбагандыгын айтты.
Кыргызда канды курултай шайлаган. Кан бийлигин кийин-соң балдарына өткөрүп бергенге акысы болгон эмес. Бул тууралуу Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бөрүбашов: кыргызга сөз эркиндиги Батыштан эмес, ата-бабалардан калган
Анын айтымында, шайланган кандардын белгилүү мөөнөтү болгон жана көбүнесе ал убакыт аскердик жүрүштөр менен ченелген.
"Кыргызда отурукташкан элдерден айырмаланып бийлик монархиялык түзүлүштү алып жүргөн эмес. Манаста деле Бакай кан болгон, Манастын өзүн кан көтөрүбүз дешкен, айтор, бийликти кандай да болсо атадан балага өткөрүү коркунучу көчмөн элде жок болчу. Бул ата-бабаларыбыздын доорунда эркиндик болгонунан кабар берет. Демек, сөз эркиндиги да Батыштын алып келген демократиясынын негизинде эмес, көчмөн кыргыздардын өзүнүн мамлекеттик башкаруусунан тарта күнүмдүк жашоосунда эле жашап келгенин айгинелейт. Ошол эле жалпы курултайда алдын ала калкка кабар кетип, күн тартиби бекитилген. Себеби жер-жерлерде эл ошол маселени алгач өз алдынча талкуулап чыгып, бышырып, андан соң гана арасынан сөзгө чечен, акылы жетик бирөөсүн элдин өкүлү кылып жиберишкен. Мындай жыйындарда көтөрүлгөн маселе боюнча эреже, тартиптер кабыл алынган. Бул жерде эл акчасы көп же мансабы күчтүү эмес, тили жатык, акылдуу адамдарды өкүл кылып шайлашкан. Антпесе чоң жыйындарда ошол уруунунбу, же аймактагы калктынбы, маселеси чечилбей калмак. Көчмөн кыргыз калкы мына ушундай укуктук системаны түзүп алган. Ошондой эле аталган жыйындарда кабыл алынган тартип, эрежелерди ар бир аймакка ылайыкташтырып өзгөртүп да колдонушкан. Ал эми саясатта да меритократия (татыктуулардын бийлик жүргүзүүсү — ред.) принциби иштеген", — деди Бөрүбашов.
Окумуштуу көчмөн кыргыз элинин мамлекеттик башкаруусу көптөгөн жылдар бою тажрыйбанын негизинде куралып, жыйынтыгында таза атаандаштык менен башкарууга татыктуулардын келишин шарттаган система иштегендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0