Кыялымдагы аялды издей берем. Бүлөлүү эркектин каты

© Фото / Pixabay / SplitShireКучакташып турган эркек менен аял. Иллюстративдик сүрөт
Кучакташып турган эркек менен аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жубайынан көңүлүндөгү идеалдуу аялдын образын издей берген эркек кат жазган.
Саламатсыздарбы, мен 43 жаштамын. Балдарым бой жетип калды. Шаарда жашайм. 22 жашымда үйлөнүп алгам. Ал кезде ала качууга болор эле. Азыркыдай тыюу жок. Кыздарды көчөдөн эле колдон-буттан кармап туруп, машинага ыргыта салып ала качып келчү элек. Ошентип эле бир далай досторум очор-бачар жашап калды. Алардын катарында мен да бармын. Айылдагы досторумду карасам, аялдарын жакшы көрүп кетишти. Убагында "жиндилик" кылганы менен кийин татынакай эле сыйлап калганын байкадым. Азыр алды куда күтүүгө кам уруп турат. Мен эле эмнегедир аялымды сүйө албай койдум. Туура эмес үйлөнүп алганымды бир айдан кийин эле байкадым, бирок жакшы көрүп кетем деген ойдо болдум. Ошол себептен ажырашуу ойго да келген жок. Андан кийин балдар төрөлүп калды. Аялым жакшы эле, бирок мен досторумдун шыкагы менен анчалык олуттуу маани бербей эле үй-бүлө курганымды кеч түшүндүм. Негизи бой жеткенден эле кыялымда маралдай керилген келиндин образы жашачу. "Аялым ушундай болот" деп ишенер элем. Бирок келинчегим бою кичинекей, эмоциясын сыртка чыгарбаган, обу жок эркелей бербеген, жоолукту тысырайта салынган, ашыкча да күлбөгөн аялзаты. Аны карап туруп ичимден чанам. Ушинтип жашаганыма 20 жыл болуп кетиптир. Аялымды кадимкидей элден басынта берем. Бирөө аялымды мактаса, тамашалап же мени какшыктап жаткандай сезилет. Бирок өмүрлүк жарыма катуу деле сөз айтканым жок, ашыкча да эркелетпедим. Жашоодо эркек катары кем-карчын толук камсыздап берем. Андан ашык сүйүп-күйүп, мээримимди төгүп деле кучагыма албадым. Азыр ал да менден аны күтпөйт. Көнүп калгандай. Ал байкуш мени "болгон мүнөзү ушул" деп ойлосо керек. Бирок мен да башка келиндер менен көңүл ачып, сезимдеги аялзатын башкалардан издеген учурум көп эле болду. Ошентсе да таба албадым. Бир чети таппаганым жакшы болгондур, артымды карабай ажырашып кетер элем. Анда балдарым эмне болмок?
Көпкө ойлондум. Эмнеге мен бирөөнү күтүп, издеп жашайм. Же мен психологиялык жактан оорулуумунбу деп да күмөн санадым. Анткени өзүмдүн ичимдеги эки анжы ойдон, күрөштөн тажап кеттим. Аялын сүйүп жашагандарга суктанам. Керек болсо үч бала төрөп берген аялымды жумуштагы кыз-келиндерден кем көрөм. Жакшы көйнөк көрсөм да "ушул менин аялыма жарашмак беле" деп ыраа көрбөй кетем. Психологго барсам мага жардам бере алабы? Мен эмне себептен мындай абалга кабылганымды да билбейм.

Психолог Ильдар Акбутин:

— Ушунча жыл өтсө да өмүрлүк жарыңызды сүйүп кете албаганыңыз абдан өкүнүчтүү. Бирок эч нерсеге карабай үй-бүлөнү сактап калыптырсыз. Өкүнүчтүүсү — ала качуу жолу менен үйлөнгөндөрдүн тагдыры ушундай болуп каларын практика көрсөтүп жатат. Эки тараптуу макулдашуусуз, сезим жок турмушка чыккан аялдар да өмүр бою запкы тартып калат. Аялдын бактысы үй-бүлөдөгү микроклиматтан көз каранды.
Ал эми оюнда идеалдуу аялдын образын өзүнө элестетип, ой-туюмунда калыптандырып алып жүргөн эркектер практикамда көп кездешет. Себеби ушундай маселе менен кайрылган мырзалар көп. Негизи энелер гана эркек үчүн идеалдуу болгондуктан, тилекке каршы, апаңыздан бөлөк эч бир жан ал образга туура келбейт. Ошондуктан апаңыздын образынан арылуу (сеперация процессин жасоо) үчүн психолог менен иштешүүнү сунуштар элем. Анткени аялыңызды чоң эркек адамдын көзү менен карашыңыз керек. Себеби башка аялдардай эле сиздин жубайыңыз да апаңыздын ролун ойной албай турганын түшүнүшүңүз керек. Кичинеңизде жетпей калган эненин сүйүүсүн, мээриминин ордун толтурууну каалап, дагы деле балалык сезимдерден арыла албай жүрөт окшойсуз. Бирок буга азыр кеч болуп калды. Ошол себептен сизге психолог керек.
Отургучта отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Атамдын жашоомо ашкере кирише бергени жүдөттү. Жигиттин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0