Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумгалбекова: жаӊы жылдык каникулду пайдалуу өткөрүүнүн бир нече жолу бар

© Sputnik / Асель СыдыковаПсихолог школы-гимназии №68 Албина Жумгалбекова
Психолог школы-гимназии №68 Албина Жумгалбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2023
Жазылуу
№68 мектеп-гимназиянын психологу Албина Жумгалбекова каникулда балага ата-эне убактысын көбүрөөк бөлүшү керектигин айтты.
Каникулда убакыт өткөрүүнүн үйдө эс алуу, маданий эс алуу, активдүү эс алуу деген бир нече түрү бар. Ата-эне аба ырайын алдын ала карап 10 күндүк каникулду өткөрүүнүн графигин түзүп, пландап алганы туура. Бул тууралуу Албина Жумгалбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жумгалбекова: жаӊы жылдык каникулду пайдалуу өткөрүүнүн бир нече жолу бар
Анын айтымында, тыныгууда балага ата-эне көбүрөөк убактысын бөлүшү сунушталат.
"Жаӊы жылдык тыныгуу балдарга эс алуу үчүн берилет. Антпесе маалыматты кабыл алуусу төмөндөп кетет. Ошондуктан окуудан эс алуусуна көбүрөөк көӊүл бурулушу керек. Мисалы, №68 мектеп-гимназиясынын окуучулары оратордук чеберчилик, психология өӊдүү ийримдерге барышат. Албетте, бул тыныгууда балага ата-эне көбүрөөк убакыт бөлүшү сунушталат. Жаӊы жылдык каникулда көпчүлүк ата-эне да эс алгандыктан бул жакшы мүмкүнчүлүк. Тоо койнуна бирге чыгып же чоӊ ата, чоӊ энесиникине барып келсе да жакшы. Айылдагы жагымдуу көз ирмемдер эсинде көпкө сакталат. "Балага кийим-кече алып бердим, үйдө жетиштүү тамак жеп жатат, ошол жетет" деген мамиле болбойт. Мүмкүнчүлүк болсо чүрпөңүздүн көӊүлүн ачып, ойноочу парк, муз аянтчасы, кино, театр же тамактануучу жайларга алып барып, чогуу убакыт өткөргөн туура. Ошондой эле шаардын балдарын карапа жасоо, кулинария, сүрөт тартуу боюнча мастер-класстарга жиберсе болот. Бул анын майда моторикасынын, мээсинин өрчүшүнө жардам берет", — деди Жумгалбекова.
Адис бала каникул учурунда күнүнө 30-40 мүнөт китеп окууга убакыт бөлсө жетиштүү экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0