Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык Patriot комплекстери украиналык күчтөргө көмөкчү боло алабы? Сереп

© AFP / BULENT KILICАмерикалык Patriot комплекси. Архив
Америкалык Patriot комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2022
Жазылуу
Украинага бериле турган Patriot зениттик-ракеталык комплекстери – АКШнын Россия менен түз аскердик тирешке карай кадамы, эскалациянын жаңы баскычы.
Анткен менен украиналык согуштук аракеттер театрындагы абалды дегеле өзгөртө албастыгын белгилейт Sputnik эл аралык агенттигинин аскерий баяндамачысы Александр Хроленко. Бул ирет да автор америкалык зениттик куралдын мүнөздөмөлөрүнө токтолгон.
Ак үйдүн администрациясы Пентагондун запасынан Киевге орто аралыкка ылайыкталган (80 чакырымга чейинки) Patriot зениттик-ракеталык комплексинин бир батареясын бермекчи. Бул үчүн тийиштүү расмий кадамдар ушул аптада жыйынтыкталат.
Patriot стандарттык батареясынын ар бири төрт ракета менен октолуу сегиз түзүлүштөн, радар, башкаруу станциясы жана электр кубаты менен жабдыгычтан турат. Батареянын шарттуу залпында 32 зениттик ракета бар. Аны пайдалануу Германиянын Графенвериндеги америкалык аскердик базада үйрөтүлүп, бул бир нече айга созулат.
Батышта Patriot зениттик-ракеталык комплекси аскердик объектилерди, административдик борборлорду баллистикалык жана канаттуу ракеталардын, айрым учак, учкучсуздардын соккусунан коргоонун эң майнаптуу каражаты катары каралат. Ошол себептен Киев дал ушул комплекстерди Вашингтондон канча айдан бери сурап келет. Анткен менен ашкере макталганы айдан ачык. Америкалык аскер өнөр жай комплексинин уламыш жана мифтери реалдуу коргонуу эмес, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө гана өбөлгө болот.
Мобилдик Patriot зениттик-ракеталык комплекси менен АКШ армиясы 1982-жылы куралданган. 40 жылдан бери бир дагы жолу заманга бапташтырылган эмес. Баллистикалык буталарын жок кылуунун ыраактыгы жана бийиктиги – 20 жана 7 чакырым. Ал эми аэродинамикалык объектилерди жок кылууда бул көрсөткүчтөр – 80 жана 24 чакырымды түзөт. Комплексти жайгаштырууга 30 мүнөт, бутаны табуусуна 10 секундага чейин убакыт жумшалат.
AWACS учагы же чалгындоочу спутниктин колдоосу менен аталган зениттик-ракеталык комплекстин радар тутуму 170 чакырымга чейинки аралыктан 100 чакты аба бутасын аныктап, чектелүү сектордо (90 градус) коштоп, бир эле убакта аларга сегиздей ракетаны мээлей алат. Ок атуу ортосундагы аралык – 3 секунда. Кымбат зениттик ок-дары гана пайдаланылат.
АКШ мамлекеттик департаменти август айында Сауд Арабиясына 300 Patriot ракетасын жана ага колдонула турган $3,05 миллиардга бааланган жабдууну сатууну колдогон. Демек, ар бир ракета атуу саудиялыктарга болжол менен 10,2 млн долларга чыгым кылат. Ким билет, балким Украинага арзандатып беришер. Анткен менен андай чыгым, андай убара түккө арзыбайт.
Patriot зениттик-ракеталык комплексинин 88 ок атуу түзүлүшү (шарттуу залпында – 352 зениттик ракета) Сауд Арабиясынын аба мейкиндигин жана Saudi Aramco мунай компаниясынын объектилерин 2018-жылдын мартында да, 2019-жылдын сентябрында да йемендик козголоңчу хуситтердин канаттуу ракета жана учкучсуздарынан коргой алган эмес. Эң заманбап саналган PAC-2 жана PAC-3 үлгүсүндөгү жүздөгөн ракеталар менен октолгон зениттик-ракеталык комплекстер абадагы бир дагы бутаны талкалай алган жок. Чынында мындай мүчүлүштүктөрү мурда да катталган. Атап айтканда Иракта 1991-жылы да Patriot зениттик-ракеталык комплекси буталарынан тайган.
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ менен Европанын Украинада тынчтыкты орнотуу ниети жок экени айтылды
Ирак күчтөрү сокку уруу үчүн 90дон ашуун Р-11 "Скад" ыкчам тактикалык ракета сарптаган. Америкалыктар 158 даана Patriot зениттик-ракеталык комплексин чыгымдоо менен алардын 45ин гана атып түшүрүшкөн. Ирак ракеталарын америкалык спутниктер, AWACS учактары, ошондой эле НАТОнун Түркиядагы горизонт үстүндөгү радиолокациялык станциялары көз салып турган.
Соңку он жылдыктарда комплекс дүйнөнүн ар кай бурчундагы согуштук шарттарда он ракетанын төртөө гана майнаптуу чыгат. Анын россиялык аналогу – 70 чакырымга чейинки аралыкка ылайыкталган "Бук-М3" зениттик-ракеталык комплекси бутасын 0,99 пайызга жок кыла алат. Сыртка жакшы сатылган зениттик Patriot 40 жыл аралыгында душмандын эч бир учагын атып түшүрө алган эмес. Калыстык үчүн белгилеп коюу керек, чынында Иракта 2003-жылы заманбапташтырылган Patriot зениттик-ракеталык комплекси үч учакты, бирок союздаштарга таандык бирдиктерди жок кылган.
Америкалык комплексти колдонуу да кыйла кыйын. Бул так эсептерди, жогорку даярдыктагы адистерди талап кылат. Аларды даярдоого Киевдин дээрлик убактысы жок. Украиналык "Бук", С-300 жана аларга керектелчү ракеталардын кору жокко эсе. Украина Куралдуу күчтөрүндө артиллериялык ок-дарынын таңсыктыгы күч. Жерде жана абада сокку уруу – киевдик режимдин өзүнчө бир мифологиясы. Донбасстагы украиналык күчтөрдүн түп орду менен жоголуп, Россия Куралдуу күчтөрүнүн таамай ракеталык соккуларынан Украинанын күчтөрүнүн маанилүү объектилери талкаланууда. Украиналык согуштук аракеттер театрында абадан коргонуу тутумунун эффективдүү НАТОлук каражаттарынын пайда болушу – илимден тыш фантастика.
Россиялык атайын аскердик операция зонасындагы америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексинин батареясы буга чейин тартууланган IRIS-T жана NASAMS зениттик-ракеталык комплекси сымал эле согуштук аракеттердин жүрүшүнө эч таасир эте албайт.
НАТОго мүчө-мамлекеттердин эч биринде абадан жана ракетага каршы коргонуунун ынанымдуу тутумдары жок. Ал тургай Пентагондогулар АКШнын "глобалдык" абадан коргонуу тутумун өтө кымбат жана россиялык Х-101 канаттуу ракетасына каршы дегеле майнапсыз экенин моюнга алышат. РФтин гиперүндүү ракеталары америкалык радарлардын "көзүнө" чалдыкпайт.
Украина Батыштын адамгерчиликке жатпаган эксперименттери үчүн майдан гана экени белгилүү. Вашингтон менен Батыш бул согуштук аракеттер театрына түз жана кыйыр түрдө катышып, Украина Куралдуу күчтөрүнө М-777 гаубицаларын, HIMARS тутумдарын, Patriot зениттик-ракеталык системаларын, спутниктен онлайн тартылган сүрөттөрүн берип келет. "Түндүк агымдарды" жардырууга жана Крым көпүрөсүндөгү терактыга кол кабыш кылганын канчалык жашырса да маалым.
The Washington Post басылмасы Ак үйдү Украина Куралдуу күчтөрүнө Москваны, албетте, америкалык курал менен (вариант катары F-16) бомбалоого уруксат этүүгө үндөйт. Америкалык эскалациянын белгилүү бир этабында Россиянын жообу пропорционалдуу же асимметриялык болору болжонот. Кандай болгон күндө да Кошмо Штаттар прокси-согушка жамынып, эч кимден бекине албайт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Француздук өзү жүрүүчү артиллерия Ceasar тоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Киев жоошучудай эмес". Европалык саясатчылардын кооптуу жоромолу
Жаңылыктар түрмөгү
0