Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Киев жоошучудай эмес". Европалык саясатчылардын кооптуу жоромолу

© Фото / U.S. Army / Spc. Zakia GrayФранцуздук өзү жүрүүчү артиллерия Ceasar тоосу. Архив
Француздук өзү жүрүүчү артиллерия Ceasar тоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Европа биримдигинин дипломатия башчысы Жозеп Боррель Украинадагы жаңжалдын айынан курал кору түгөнүп баратканын айтып даттанды.
Европа биримдигине бул кандай коркунуч туудурат? Ушул соболдун тегерегинде ой калчаган Давид Нарманиянын макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Кампалардан эмес, армиялардын шыбагасынан алып...

Боррель Киев запастардан эмес, армиялардын арсеналдарынан аскердик жардам алып жатканын баса белгилейт. Украина Куралдуу күчтөрүн куралдандыруу менен ЕБ өлкөлөрү куралсызданууда. Анткен менен европалык аткаминер "Украина жеңишке жетмейинче" ыргакты басаңдатпоону сунуштайт. Бирок буга баары тегиз макул эмес. Италиянын коргоо министри Гуидо Крозетто кеминде жылдын аягына дейре жаңы камсыздоолор болбой турганын жар салды. Андан ары эмне болгонун көрө жатарбыз. "Өкмөт кандай чечим кабыл аларына жараша көрөбүз", — деп кошумчалайт ал.

Ар ким колунан келишинче

Украинаны колдоо Европа биримдигине кымбатка түшөт. Германиялык Statista порталындагы маалыматтарга таянсак, улуттук европалык түзүмдөр буга 34,99 миллиард евро сарпташты. Алардын 30,32 миллиарды — каржылык колдоо болсо, 3,1и — аскердик жана 1,57си — гуманитардык жардам экени айтылат.
Мамлекеттер деңгээлинде Германия лидерлик кылат. Берлин Киевге беш жарым миллиард евро бөлсө, анын 1,15 миллиарды экономикага салынып, 1,95 миллиарды гуманитардык, дагы 2,35и аскердик жардамды түзгөн. Ал эми кийинки орундагы өлкө аскердик жана экономикалык дараметинен улам сизге да күтүүсүз болушу мүмкүн. Экинчи сапка жайгашкан Польша Украинага жардам иретинде жалпы жонунан үч миллиард доллар жумшаган. Анын жарымынан көбү — 1,82 миллиарды армияга сарпталган.
Алардан кийинки орундагы Франция аталган республикага 1,41 миллиард евро бөлгөн. Анын 800 миллиону каржылык, 140ы гуманитардык, ал эми аскердик жардам 470 миллионду түзгөн. Бирок бул маалыматтардын баары абсолюттук, алардан да башка көрсөткүчтөр көп нерсени айтып турат. Анда европалык өлкөлөрдүн Украинага көмөгү өз ички дүң өндүрүмдөрүнө шайкештиги белгиленген. Мында лидерлер толугу менен өзгөрүлөт:
Эстония — 1,1 пайыз;
Латвия — 0,93 пайыз;
Польша — 0,5 пайыз;
Литва — 0,46 пайыз;
Норвегия — 0,34 пайыз.
Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча ошол эле Эстония коргоо тармагына ички дүң өндүрүмүнүн 2,3 пайызга жакынын сарптайт.
Германиянын канцлери Олаф Шольц  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: атайын операция бүткөн соң Россия менен кызматташкыдай болушубуз керек

Кайтарымсыз акча

Быйыл жаз жаңыдан жаңырганда Евробиримдик Европа тынчтык фондун Киевге аскердик көмөк көрсөтүүгө кеткен чыгымды толуктоо үчүн пайдаланууну көздөгөнүн маалымдаган. Бирок Politico басылмасы белгилегендей, Брюсселдегилер жардамдын көлөмүн тийиштүү деңгээлде баалаган эмес. 2027-жылга чейин бюджети 5,63 миллиардды түзгөн фонддун өзү дүйнө жүзү боюнча ар кандай өлкөлөрдү колдоо үчүн былтыр түптөлгөн.
2022-жылы аларга жарым миллиард евро гана сарптоону болжошкон. Кийин Россиянын атайын аскердик операциясынын айынан ал беренени бир жарым миллиардга чейин көбөйтүшкөн. Акчалардын баары күтүлгөндөй эле Киевдин муктаждыктарына кетти. Ноябрга карата ушул багыттагы жардам 3,1 миллиардды түзгөн.
Келерки жылы деле Киевге курал жагынан көмөктөшүү азайып кетпейт. Апта башында Боррель 2023-жылы эки миллиард евро бөлүнөрүн жар салды. Болбосо төрт ай мурун эле ал мындай ыкма бүлгүнгө учуратарын айткан эле.
"Европа өлкөлөрүнүн Куралдуу күчтөрү "бонсай-армия" сымал, чыныгыдай көрүнүп, бирок Россия менен толук кандуу түз тиреш үчүн ресурстары өтө аз", — деп жашырбайт европалык аткаминер. Европалыктардын үрөй учурган билдирүүсү — бүт чындык эмес экенин түшүндүрөт аскердик эксперт Алексей Леонков.
"Чындыгында европалыктар курал-жаракты кампалардан алып берип жатышты. Буга өздөрү да даяр эмес эле, — дейт ал.— Алар советтик техника жана ок-дары менен көмөктөшүүнү пландашкан. Бирок ал запастар тез эле түгөнүп, НАТОнун курал-жарагынан жөнөтүүгө өтүштү. Болгондо да жабдуулардын басымдуу бөлүгүн жарактан чыгарылган үлгүлөр түздү". Аскердик техника паркы өзүнчө сөз. Маселен, германиялык Leopard II танкынын 45 пайызы гана согуштук аракеттерге даяр, калганы оңдоп-түзөөгө муктаж.
"Маселе европалык курал корунун аздыгында эле эмес, жергиликтүү курал өнөр жайынын аларды толуктай албай турганында, — дейт Леонков. — Эгер 90 жана 2000-жылдары европалык аскер өнөр жайы америкалык ушул тармак менен атаандашып турган. Ал эми азыр ал кыйла артта калды".
Азырынча ЕБ Киевди колдоону уланта алары арсар. Ошол эле учурда Киевди курал-жарак менен камсыздоону кыйла арттыруу боюнча саясатчылардын чоң-чоң убадалары да жок эмес.
Газ оту жана тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Bloomberg: Россия кайрадан Евробиримдикке газ экспорттоодо лидер боло алат
Жаңылыктар түрмөгү
0