Өмүрбек Бакиров мандатынан ажырашы мүмкүн. Сот эски ишти кайра жандатты

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Депутат буга чейин даттануулар үч станцияга чейин жетип, Жогорку Сот "күнөөсү далилденген жок" деп чекит койгонун белгиледи.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров аны мандатынан ажыратуу аракети болуп жатканын Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, шайлоо учурундагы атаандашы Равшан Рыспаев "добуш сатып алган" деп мурда жабылган ишти кайрадан кароо үчүн сотко арыз жазган. Бишкек шаардык административдик соту кечээ, 12-декабрда, анын даттануусун канааттандырган.
"Мурдагы оппонентим шайлоо кезиндеги даттануулар толук каралбаганын айтып арыз жазыптыр. Шайлоо мыйзамдары боюнча кандай гана даттануу болбосун үч күндүн ичинде каралышы керек. Бирок административдик сот бир жылдан кийин "кайра карап чыксын" деген чечим кабыл алыптыр. Муну менен бардык депутаттарга "сени бир жылдан кийин деле бирөөнү арыз жаздырып туруп мандатыңды алып коёбуз" деген коркунуч жаралып калды. Жалпы эле парламентке болгон коркунуч", — деди Бакиров.
Депутат атаандашы шайлоо учурунда дагы арызданганын, бирок анда үч станцияга чейин жетип, Жогорку Сот акыркы чекитти койгонун белгиледи.
"Сотто добуш сатып алуу далилденген эмес. Ошонун негизинде БШК мага мандат берген. Кыргызстандын тарыхында мындай болбогон. Сот мыйзам чегинде эмес, буйруктун негизинде эле чечим кабыл алды деп ойлойм. Буйрук ар тараптан болушу мүмкүн. Бул соңку окуяларга байланыштуу экенин мен эле эмес эл да билип жатпайбы. Андан башка эч кандай себеп жок. Мандатты алып коюу бир-эки адамдын иши эмес, жалпы эл шайлаган депутаттын мандатын алууга эч кимдин укугу жок", — деди эл өкүлү.
Бакиров учурда адвокат жалдап, өз укуктарын коргоого киришкенин кошумчалады.
Жогорку Соттун маалымат кызматы аталган иш Бишкек шаардык административдик сотунда каралганын тастыктады.
Өмүрбек Бакиров Ош облусундагы №4 Көк-Жар шайлоо округунан шайланып келген.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бакиров аны 18-ноябрда кабинетинен чыгарып салганын айтып, ошондон бери көчөдө жүргөнүн билдирген. Анын айтымында, жардамчылары түшкү тамактанууга кеткен учурда кабинетине мөөр басып кетишкен.
Анын алдында депутат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен парламентте кайым айтышкан болчу. Ташиевге болушуп депутат Фархат Исмаилов кесиптеши менен мушташып кете жаздаган.
Андан соң парламенттин чарбалык иштерин караган президенттин иш башкармалыгы Бакировго 7-кабаттагы кабинетти бошотуп коюу талабы менен кат жөнөткөн. Эртеси эле депутаттын буюм-тайымдарын чыгарып салышкан.
Президенттин иш башкармалыгы Бакиров кабинетинен оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу чыгарылганын билдирген. Кийин бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, мыйзамсыз аракеттерди аныктаган. Ошону менен бирге президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Үсөнованы иштен алууну сунуштаган.
Жыйынтыгында Өмүрбек Бакиров өз кабинетине кайра кире турган болгон. Бирок прокуратуранын тергөө тобу келип анын буюмдарын өткөрүп бериши керек. Ошондуктан азыркыга чейин иш бөлмөсүнө кире элек.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Мен деле көчөдө жүрөм. Ыштын айынан Сыдыгалиев менен Өмүрзаков кайым айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0