Январь жылуу болобу? Бир айга аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБаласы менен көчөдө сейилдеп жүргөн аял. Архив
Баласы менен көчөдө сейилдеп жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2022
Жазылуу
Жаңы жылдын алгачкы айында жаан-чачын нормадан ашпайт.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 2023-жылдын январь айында аба ырайы нормада болорун маалымдады. Ага ылайык, келе жаткан жылдын алгачкы айында өлкөдө жаан-чачын да чектен ашпайт.
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет

Январ айында абанын орточо температурасы

Январ айында абанын орточо температурасы - Sputnik Кыргызстан
1/2

Январ айында абанын орточо температурасы

© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет

Январдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Январдагы жаан-чачындын орточо көлөмү - Sputnik Кыргызстан
2/2

Январдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

1/2

Январ айында абанын орточо температурасы

2/2

Январдагы жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын орточо температурасы -3…-5 градус болот. Январь айынын аралыгында түнкүсүн -2…-7 градустан -10...-15 градуска чейин суук болору болжолдонгон. Ал эми күндүзү 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болот. Айрым күндөрү Чүйдө түнү -16...-21, күндүз -2...-7 градус муздак болушу мүмкүн.
Кемин өрөөнүндө жана райондун тоо кыркаларында абанын температурасы түнкүсүн -4...-9 градустан -12...-17 градуска чейин суук болсо, күндүз -4...+1 градустан +2...+7 градуска чейин жылыйт.

Талас облусу

Бул аймакта абанын орточо температурасы январь айы ичинде -4...-6 градус муздак болот. Ай аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -2...-7 жана -10...-15 градустун ортосунда болот. Күндүз 0...+5 градустан +8...+13 градуска чейин жылуу болушу болжолдонууда. Ай ичинде түнкүсүн суук -16...-21 градуска жеткен күндөр да болот, күндүз -2...-7 суук болушу мүмкүн.

Ош облусу

Январь айында абанын орточо температурасы -1...-3 градус суук болот, тоолуу райондордо -3...-5 градус болору болжолдонгон. Ай ичинде бул облуста абанын температурасы түнкүсүн -3...+2 градустан -4...-9 градустун тегерегинде болот. Күндүз 0 градустан +13 градуска чейин жылыган күндөр болот.
Ош облусунун тоолуу аймактарында жылдын биринчи айында абанын температурасы түнкүсүн -1 градустан -14 градуска чейинки температурада болот, күндүз -4 градустан +10 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Өкмөт ыш менен кантип күрөшөт? Төрөбаев кеңешме өткөрүп, пландар айтылды

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абадда январда абанын орточо температурасы -1…-3 градус болот, ал эми тоолуу аймактарда абанын муздактыгы 3…-5 градус болору болжолдонгон.
Ай ичинде түнкүсүн абанын температурасы -3 …+2 градус менен -4…-9 градустун айланасында болот. Күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Токтогул районунда түнкүсүн абанын температурасы -1…-6 жана -8…-13 градустун ортосунда болсо, күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Баткен облусу

Баткен облусунда абанын орточо температурасы -1…-3 градус, ал эми тоолуу аймактарында -3…-5 градус муздак болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2 жана -4…-9 градустун тегерегинде болот, күндүз 0…+5 градустан +8…+13 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Ал эми облустун тоолуу аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -1 градустан -14 градуска чейин муздайт. Күндүз болсо -4 градустан +10 градуска чейин күндүн жылышы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо температурасы -1…-3 градусту түзөт, ал эми облустун чыгыш тарабында суук -5 градустан -7 градуска чейин жетет.
Түнү -1 градустан -12 градуска чейин суук болот. Айрым күндөрү абанын температурасы -13...-18 градуска чейин муздак болушу мүмкүн. Күндүз абанын температурасы 0…-5 сууктан +1…+6 градустун ортосунда болушу күтүлүүдө.

Нарын облусу

Январь айында абанын орточо температурасы -13…-15 градус болору болжолдонгон, ал эми Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу мүмкүн.
Бир ай аралыгында абанын температурасы түнкүсүн -9 градус сууктан -23 градуска чейин түшөт. Күндүз ал -1 градустан -12 градуска чейин болот. Ал эми Ат-Башы районунда түнкүсүн -25-30 градуска чейин суук болот, күндүз аталган райондо абанын температурасы -13 градустан -18 градуска чейин муздайт.
Суукта көчөдө бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2022
Организмди суукка кантип көндүрүү керек. Иммунологдун кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0