00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт ыш менен кантип күрөшөт? Төрөбаев кеңешме өткөрүп, пландар айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарына асмандан көрүнүш
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Жазылуу
Буга чейин экология министри долбоорлорду ишке ашыруу үчүн БУУдан 6 миллиард 700 миллион доллар грант сураганын маалымдаган.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөнүн ири шаарларын чулгаган ышка каршы күрөшүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу боюнча атайын кеңешме өткөрдү.
Жыйында табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ыштын келип чыгуу себептери жана кырдаалдан чыгуу пландары тууралуу баяндама жасаган.
Ал борбор калаада абанын кирдешине ТЭЦте, конуштарда оттун жагылышы жана транспорт себепкер экенин эске салды. Кутманова Кыргызстан 2030-жылга карата парник газынын абага таралуусун 44 пайызга түшүрүү милдетин алганын, мындан улам министрлик коюлган максатка жетүү үчүн бир катар иш-чаралардын топтомун иштеп чыкканын билдирди.
"2023-жылдын биринчи кварталы үчүн 20 миллион долларлык долбоор колдоого алынды. Мисалы, Лондондо "жашыл" аймакта электр кубаты менен жүргөн такси жана автобустарга гана уруксат берилген. Сынамык долбоордун алкагында мындай 200 такси жана 100 бус алып келүү каралган", — деди Кутманова.
Аталган маршруттар кандайча түзүлө турганын министрлик мэрия менен чечет. Кутманова "каржы маселеси чечилгенин" белгиледи.
2023-жылдын биринчи кварталынан тарта шаардагы үйлөрдө жылуулукту көпкө чейин сактай турган нанотехнологияларды ишке киргизүү долбоору башталат.
"Бул жылуулукту сактоочу нанокошумдар. Аларды көп кабаттуу 500 үйгө орнотуу каралууда. Израилдик өндүрүштөн чыккан технология Россиянын бар катар шаарларында колдонулуп келет. Меморандум түзүлдү, азыр Жумушчулар шаарчасы менен Тунгуч кичи районунун бири тандалууда. Алгачкы жыйынтыктардан соң шаарга жайылтабыз", — деди Кутманова.
Ал үчүнчү долбоор да колдоого алынганын айтты.
"Бул Дүйнөлүк банктын долбоору, ага ылайык Кыргызстан 10 жылга пайызы жок насыя алат. Шарты абдан жакшы. Алына турган 50 миллион доллардын 16 миллиону ирригация үчүн Бишкек мэриясына, 24 миллиону Кыргызгидрометти жабдууга (посттор жаңыланат, акчанын бир бөлүгү көмүрдүн сапатын текшерүүчү лабораторияларды жабдууга кетет) бөлүнөт", — деди Кутманова.
Төрөбаев айтылган тыянактар менен макул болуп, абанын булганышынын негизги себептери зыяндуу заттарды ыргытуу, биринчи кезекте жер тамдардын сапаты начар көмүр жагышы, автоунаалар төмөнкү сапаттагы бензин менен жүргөнү болуп жатканын билдирген.
Экологияны жакшыртуу үчүн Бишкектеги мамлекеттик жана муниципалдык транспортторду газга өткөрүү сунушталган. Ал бюджетке да үнөмдүү болуп, абанын булганышы эки эсеге азаярын белгилешкен.
Жыйынтыгында коюлган планды этабы менен ишке ашырып, отканаларды газга которуу иштерин активдештирүү, экологиянын жана абанын булганышына ар дайым мониторинг жүргүзүүгө тапшырма берилди.
Кеңешмеге министрлик, ведомстволордун, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, "Газпром Кыргызстан" компаниясынын жетекчилиги катышкан.
Белгилей кетсек, Кутманова буга чейин экологияны сактоо багыттары боюнча долбоорлор иштелип чыгып, БУУга 6 миллиард 700 миллион доллар грант сураганын билдирген.
Ыш баскан Бишкек. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Бишкек абасынын кири боюнча кайрадан антирейтингдин алдыңкы катарында
Жаңылыктар түрмөгү
0