"Талибандан"* Кыргызстанга коркунуч жок, өзүбүздүн "талибдер" өтө кооптуу. Маек

© AFP / WAKIL KOHSAR"Талибан" кыймылынын мүчөсү. Архив
Талибан кыймылынын мүчөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Жазылуу
Борбор Азия табияты менен башка аймактардан кескин айырмаланат. Дүйнөгө таасир этүүчү кооптуу көйгөйлөр, маселелер да жок эмес. Анын ичинде Афганистан талкуу жаратуучу, геосаясаттын көңүл чордонундагы өлкө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде саясий илимдердин доктору, генерал-лейтенант Токон Мамытов менен Бегималы Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун этнология бөлүмүнүн башчысы, Бишкек мамлекеттик университетинин доценти Саламат Дүйшембиев болду. Биз Борбор Азиядагы коопсуз өнүгүүнү жана афган факторун талкууладык.
— Борбор Азиядагы эң маанилүү маселе Афганистандагы абал эмеспи. Жакында Бишкекте бул темада тегерек стол да болуп өттү...
Саламат Дүйшембиев: — Афганистандагы кырдаал көп нерсени чечет. Эксперттер бийликтеги талибандарды экиге бөлүп кароо керектигин айтууда. Биринчиси сабырдуу, сүйлөшүүдө ыкка келүүчүлөр болсо, экинчи топтогулар — консервативдүү көз караштагы радикалдар. Буларда согуштан башканы билбеген канчалаган муун өсүп калды. Ал жерде өнөр жай жокко эсе, айыл чарбасы ИДПнын 10 пайызга жетпеген гана бөлүгүн түзөт. Кырдаал аябай эле оор. Америкалыктар Афганистанга тийиштүү 6 миллиард долларды тоңдуруп коюшкан. Ай сайын кичинеден бөлүп берип турушат. Ал акча түгөнсө гранттын эсебинен жашап келген өлкөнүн тагдыры кандай болот? Геосаясатта Афганистан бирөөлөрдүн колундагы куурчакка айланганы анык. Биз болсо эч кимге ишенбей өзүбүздү күчтөй беришибиз керек. Жакында болгон Баткен окуясында талаа командири афгандан келген террорчулар менен кызматташып бизге кол салганы расмий айтылды. Борбор Азияны дестабилизациялоого ким кызыкдар? Бул абдан татаал маселе. Негизи согуштан кудай сактасын, аскердик мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Биз бир-эки күнгө да туруштук бере албай калышыбыз мүмкүн.
© Sputnik / Асель СыдыковаСаламат Дүйшембиев: согуштан кудай сактасын, аскердик мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Биз бир-эки күнгө да туруштук бере албай калышыбыз мүмкүн
Доцент БГУ, руководитель отдела этнологии института истории, археологии и этнологии им. Б. Джамгерчинова Саламат Дуйшембиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Саламат Дүйшембиев: согуштан кудай сактасын, аскердик мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Биз бир-эки күнгө да туруштук бере албай калышыбыз мүмкүн
— Афганистандан келе турган коркунучту ар тараптуу карап жатабыз. Биринчиси, аскер коопсуздугу. Экинчиден, диний-экстремисттик идеология жана дестабилдештирүү идеялары. Чындап эле булар Борбор Азияга кооптуубу же канча жылдан бери бийликке араң келген талибдер эми өз алдынча өнүгүүгө бет аларын айткан пикир да туурабы?
Токон Мамытов: — Бул өлкөдө көптөгөн ири мамлекеттердин кызыкчылыгы кагылышууда. Афганистандын белгилүү жазуучусунун "Афганистан — Борбор Азиянын жүрөгү. Ал жакта туруктуулук болсо бүтүндөй аймакта тынчтык болот" дегени бар. Чынында ошондой. Анткени учурда Талибан (студент деген сөздөн келип чыккан — ред.) муунга, көз караштарга карап бир канча топко бөлүнгөн. Алардын арасында "Ислам мамлекетине" кошулгандары, Хорасан халифатын курууну эңсегендери, Афганистанды өнүктүрөбүз дегендери да болду. Булардын ичинен эң коркунучтуулары радикалдуу көз караштагылары жана эч кимге баш ийбеген отряддары. Согуштан башка эч нерсени билбеген 100-500гө чейин тажрыйбалуу аскерге башчылык кылган командирлер бар. Азыркы бийлик негизги шаарлардын көпчүлүгүн көзөмөлдөгөнү менен алардын күчү Афганистандын булуң-бурчуна жете элек. Ошондуктан жанагындай отряддар эч кимге баш ийбейт. Анан айрым талибдер менен АКШ, бир бөлүгү менен Евробиримдик, Англия, Кытай өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар биринин өз саясий кызыкчылыгы болууда. Башкаларга салыштырмалуу Кытайга Афганистандагы стабилдүүлүк абадай керек. Анткени "Бир алкак — бир жол" долбоорун ишке ашыруу, Афганистан аркылуу Перс булуңуна чейин жетиш үчүн аталган өлкөдө тынчтык болушу зарыл. Россия дагы ушундай позицияда. Себеби Афганистандагы коркунуч Борбор Азиядан Урал, Кавказга чейин терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Мына ошол сырткы күчтөр Афганистанда тынчтык болуш үчүн аларга гуманитардык, социалдык жардам бериши керек. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү дагы четте калбай көмөктөшүүсү шарт. Анткени афган эли жыргаганынан баңгизат сатып, курал кармап согушкан жок. Эгерде ал жактагы ички көйгөйлөр чечилбесе алардан кооптуулук жарала бериши ыктымал. Туура эмес саясаттан улам Афганистанга эл аралык уюмдардын таасири начар болуп калган.
© Sputnik / Асель СыдыковаТокон Мамытов: бул өлкөдө көптөгөн ири мамлекеттердин кызыкчылыгы кагылышууда
Общественный и политический деятель Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2022
Токон Мамытов: бул өлкөдө көптөгөн ири мамлекеттердин кызыкчылыгы кагылышууда
— Афган бийлигиндеги талибдердин түпкү максаты — халифат түзүү. Америкалыктардан көп курал калып кетти. Кооптонууга негиз бар го?
Токон Мамытов: — Албетте, Америка чоң курал, техника таштап кетти. Ошол эле Афганистан боюнча аскердик эксперттер муну бекер калтырбаганын айтышууда. Американын аскерлери Африкадан, башка аймактардан качкан учурлары болгон. Бирок техникаларын жардырып, талкалап кетишчү. Мисалы, автоматтын ийнедей болгон тетиги бар, ошону алып койсо ал металлоломго айланат. Көп аскердик техниканын бир-эки элементин алып койсо жараксыз болуп калат. Ушуну жасабаганы да чоң суроо жаратат. Афгандагы ири күчтөрдүн ичинде мурдагы Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд башында турган чоң топ бар. Ахмад Масуд абдан билимдүү, Лондондо окуган, согуш тактикасын кыйын билген жигит экен. Афганистанда тажиктердин, өзбектердин, хазерлердин, түркмөндөрдүн жана пакистандыктардын өз күчтөрү жашайт. Пакистандын кызыкчылыгын да жокко чыгарууга болбойт. Себеби талибандын киндик кан тамган жери — бул Пакистандагы Вазирстан провинциясы. Ошол жерде 21 мечитте талибандарды Жалалуддин Хакани аттуу молдо даярдаган. Пакистандын генералдары Хаканиден студенттерин сураганда "жок, даяр эмес" деп баш тартып, кийин мыктап даярдап генералдарды чакырат. Анан афгандын жетим балдарынан даярдаган талибдерди тизип туруп "биз силерди окуттук-чокуттук, тиги тоонун аркы бетинде мекениңер душмандын бут астында калды. Барып бошоткула" деген ураан менен жиберген. Ошондон кийин гана талибдер Афганистанга келген. Нажибулланы кулатып, бийликте турганына эки-үч жыл болгон моджахеддерди да кууп чыгышкан. Бул чоң күч. Бирок маданий-социалдык абалы менен айыл чарбасы нөл, жумуш жок болгону үчүн афган жаштары автомат кармоодон башканы билбей калышкан. Эгер социалдык-маданий абал жакшы болсо, булар деле адам өлтүрбөй диндин жакшы жагына оомок деп ойлойм.
С.Д.: — Афганистандын ички факторунда жана Борбор Азияда бир топ чиеленишкен маселе бар. Элинин саны 40 миллион болсо 30 миллионго жакыны жакырчылыкта жашайт. Талибандардын өзү да бир кылка эмес. Социалдык жактан жиктелип, бийликтегилери абдан байып жатат. Өнүккөн өлкөлөр геосаясий кызыкчылыкты эле көздөбөй стабилдүүлүк үчүн да жардам берсе жакшы болмок. Ислам — идеологиялык жактан улуттан, мамлекеттен да өйдө турган абдан күчтүү дин. Ошол себептен Кыргызстанда да кооптуу кырдаал түзүлүүдө. Диний чөйрөгө мониторинг жүргүзүп, "кырдаалды 100 пайыз билем" деп бир да киши айта албайт. Көп өлкөлөр Таблиги жамаатка тыюу салып койду. Бизде ачык эле иштеп жатат. Экстремисттер менен булардын көп жерлери окшош. Анын үстүнө коомубузда илимсиз, дүйнөгө көзү ачыла элек динге берилген жаштар көп. Алар кыргыздын үрп-адаты, нарк-насилинен да кабарсыз.
Борбордук Азия мамлекеттеринин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
АКШ Борбор Азияны экинчи Ливия менен Иракка айлантышы мүмкүн. Эксперттин пикири
— Аскердик мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү деген пикирлер бар. Бирок бизде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун базасы бар да. Тажикстанда да бар. ЖККУ үчүнчү тараптардын кол салуусунан чек араны кайтаруу милдеттенмесин алган. Коопсуздук жагын ойлонбой эле койгонубуз туурадыр...
Т.М.: — Алардын чек араны ашып, бизге чейин келүү максаты жок. Азыр Талибан деле акыл-эстүү болуп калды. Булардын көйгөйү бөлөк. 2001-жылы бийликке келип 4-5 жылдан кийин чилдей тараган. Азыр да бир жаза басса, дүйнөлүк саясий оюнчулар буларды түп орду менен жоготорун түшүнүп жатышат. Биз үчүн Кыргызстанга көзү түз эмес айрым мамлекеттер жана эч кимге баш ийбеген, күнүмдүк кара курсагын, талап-тоноону гана ойлогон жалданма террорчулар кооптуу. Өткөндөгү коогалаң четин көрсөтүп койду. Бул биз үчүн белги. Согуш деген оңой эмес, жылдап созулушу мүмкүн. Ал үчүн экономикалык да мыкты потенциал болуу зарыл. Германия баштаган Европа мамлекеттери Украинадагы согушка түз катышпай курал жиберип коюп отурган себеби да ошол. Анткени алардын экономикалык ресурсу активдүү согушта бир айга жетпейт. Эми биздин абалды ойлой бергиле.
Азыр 1999-2000-жылдардагы окуялар кайталанбайт. Бизге үчүнчү өлкөлөр кол салса эле ЖККУнун аскерлери келет. Борбор Азиядагы согуштук аракеттер башкалардан айырмаланат. Анткени дүйнө жүзүн титиретип койчу аймак. Ал эми биздин коопсуздукту Россия, Кытай өңдүү өнүккөн өлкөлөр да коргошу үчүн мамлекет туура саясат жүргүзүшү керек. Биз адам ресурсун көтөрүп, идеяларды, мыкты сунуштарды берүү менен да эл аралык мамилени жакшырта алабыз. Афганистанга кол сунган өлкөлөргө көпүрө болуп, кызыкчылыгы бар тараптарга альянс болууга неге болбосун. Ушундай жол менен да коопсуздукту коргоого болот.
Экинчи коркунуч — ичибизде өзүбүздүн “талибдерибиз” бар. Индия, Пакистанга барып диний билим алып келип жаткандардын идеясы бир. Ислам динине туура келбеген, ага жамынган идеялары бар. Ошолорду көзөмөлгө алуу керек.
— АКШнын курал таштап кетиши жарылуучу мина болуп турбайбы? Кимге багытталганы да белгисиз.
С.Д.: — Биз өткөндөн сабак алалы. Өз армиябызды күчтөй бергенибиз туура. Кыйын заманда бирөөгө ишенген болбойт. Бирок күчкө күч табыла берет. Андыктан тынчтык болгону жакшы. Буга тыкыр ойлонулган, туура саясат керек.
* — Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл.
Кабул шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2022
РФ элчиси эмне себептен талибдер* менен кызматташуу керектигин түшүндүрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0