00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Голос предков: как менялась музыкальная культура кыргызов по обе стороны Алтая
16:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Дени сак бала — тынч ата-эне: күчтүү иммунитеттин сырлары
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
18:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Кыргызстанда алгачкы медициналык “Дарыгер” сериалы тартылды
19:11
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Структура личности
Сибирская аграрная наука и Кыргызстан — совместные лаборатории и технологии для АПК
20:07
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дайынсыз жоголгондор: мифтер жана чындык
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров Япониянын Борбордук банкынын төрагасы менен жолукту

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Жолугушууда эки өлкөнүн банктар аралык кызматташтыгы талкууланды.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Япониянын Улуттук банкынын төрагасы Харухико Курода менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анда ал кыргыз тарап өлкөнүн коммерциялык банктарына Япониянын коммерциялык банктары менен корреспонденттик банктык мамилелерди түзүүгө колдоо көрсөтүүсүнө ишеним артарын айткан.
Ички дүң продукциянын 7 пайызга өсүшүнө шарт түзгөн антикризистик бир катар чараларды кабыл алууга жетишкенин кошумчалаган.
"Биз Кыргызстандын Улуттук банкы менен акча-кредит жана салык-бюджеттик саясат чөйрөсүндө макулдашылган саясатты жүргүзүп жатабыз. Азыр кирешебиздин эсебинен чыгашаларыбызды толугу менен жаба алабыз. Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча бардык кредиттик жана гранттык каражаттарды өнүктүрүүгө гана багыттайбыз", — деди Жапаров.
Харухико Курода учурда дүйнөлүк экономиканын негизги көйгөйлөрүнүн бири инфляция болуп саналарын белгилеген.
"Бул көйгөй Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок деп ойлойм. Мындай шартта ички дүң продукциянын өсүшүнө жетише алганыңыздар кубандырат. Коронавирустук пандемия али бүтө элек жана дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Учурда көп нерсе КРдин Улуттук банкынын иш-аракеттерине байланыштуу. Биз маалымат алмашууга жана биздин компетенциябызга кирген бардык маселелер боюнча кызматташууга даярбыз", — деп айткан Япониянын башкы банкынын жетекчиси.
Ошондой эле ал бир катар мамлекеттерде инфляция олуттуу көрсөткүчтөргө жеткенин, бул көйгөйдөн ар бир өлкө өз алдынча чыгып кетиши кыйын экенин билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Акылбек Жапаров иш сапары менен Японияга кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0