Эмне майдаланып жатасыз?! Сурабалдиева менен Ташиев кайым айтышты. Видео

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Эльвира Сурабалдиева. Архив
Депутат Эльвира Сурабалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Ташиев депутаттын тиешеси бар базар канча салык төлөгөнү текшерилгенин моюндады.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Элвира Сурабалдиеваны айыптоосуна жооп берип, анын туугандарынын "Кудайберген" базары салык төлөбөй жатканын айтты.
Эл өкүлү буга чейин Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бергени үчүн бир тууганына УКМК кылмыш ишин козгойм деп коркутуп жатканын билдирген.
Ташиев Сурабалдиева жана анын бир туугандарынын "Кудайберген" базары салыкты жашырганын билдирди.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаОбсуждение законопроектов относительно отдельных участков кыргызско-узбекской границы в Жогорку Кенеше
Обсуждение законопроектов относительно отдельных участков кыргызско-узбекской границы в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
"Базарда 3000ден ашуун контейнер иштейт, ар биринен 2000-3000 сомдон ижара алдык деп отчёт беришет. Бирок эң аз жыйнаганы 7000ден 15 миң сомго чейин. Муну УКМК менен Салык кызматы эсептеп чыкканда 70 миллион сомго чукул салык төлөбөгөнү аныкталган. Бул боюнча акт түзүлгөн. Аны төлөөгө милдеттүү. Депутатмын деп эле трибунадан туура эмес маалымат таратканды токтотуш керек. Биз эч кимге эч кандай мыйзамсыз мамиле кылбайбыз. Эльвира Жыргалбековна, мага доомат коюуга сизде эч кандай негиз жок. Кайсы бир деңгээлде көйгөйүңүз болсо Салык кызматына барып териштириңиз. Биз эч бир тууганыңызды камаган жокпуз. Салык төлөңүз, болбосо мыйзам чегинде чара көрөбүз", — деди Ташиев.
Андан соң Сурабалдиева "Кудайберген" базарын жайында эки жарым ай текшеришкенин, 2 миллион сом ашыкча салык төлөгөнү аныкталганын айтты. Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов ашыкча төлөм болгонун ырастады.
"Кечээ иниси Шаирбек Ташиев кабинетине чакырып алып гүл, торт берип туулган күнүм менен куттуктады. Бул окуя боюнча сурасам "Кемпир-Абадга каршы добуш бербедиңизби" деп эле айтты. Мамлекетибизде эки президент бардай сезилип жатат. Экинчиси көшөгө артындагысы каалагандай калчап, коркутуп, оюна келгенин кылып жатат. Камчыбек Кыдыршаевич, алыңар мага эле жетип калган болсо, сиздин дагы аялыңыз, кызыңыз бар. Өчөшкөндөй болуп эмне майдаланып жатасыз. Сизге жакпагандын баарын кууп, атып эле салбайсыздарбы. Жакпайт экен айткандарыбыз. Мен сиз тууралуу башка пикирде элем, аябай көңүлүм калды", — деди Сурабалдиева.
Ортого төрага Нурланбек Шакиев аралашып, жеке маселелерди парламентте көтөрүп саясатташтырбоого чакырды.
Бышырып жегиле, эмне, кекиликсизби?. ЖКда мушташа жаздаган депутаттар. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2022
"Бышырып жегиле", "эмне, кекиликсизби?". ЖКда мушташа жаздаган депутаттар. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0