Сурабалдиева: Кемпир-Абадга каршы добуш берсем, УКМК иниме иш козгогону жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Эл өкүлү Бакиевдин заманында дагы мындай болбогонун айтып кейиди.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш бергеним үчүн УКМК бир тууган иниме иш козгойм деп коркутуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, каршы добуш берген 19 депутаттын баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандары жумуштан бошотулуп жатканын билдирген.
"Кемпир-Абадга каршы добуш берген депутаттардын баарына коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Кечээ менин туулган күнүм болду, Камчыбек Кыдыршаевич берген "белегиңизди" унутпайм. УКМК кызматкерлери бир тууганыма иш козгойм деп коркутуп жатыптыр. Кечээ каршы добуш берген депутаттар менен сүйлөшсөм жакын туугандарын жумуштан алып жатыптыр. Менин мамкызматта жакындарым жок, алыскы туугандарымды кетирип жатыптыр. Бул уят нерсе. Бизнесиңерди тартып алам десеңер", — деди Сурабалдиева.
Ошондой эле ал Бакиевдин заманында дагы мындай болбогонун айтып, кейиди.
"2005-жылы Бакиевдер атамды атып кеткенде ушундай бир ызы-чуу болгон. Жайында эки ай коркутуп-үркүтүп чыктыңар. Ошондо Акылбек Үсөнбекович менен президентке чейин баргам. "Сурабалдиева Чүйдү көтөрүп митинг кылат экен" деген аудио жазуу бар экен дегенинен барып сурасам кол саат, грамота берип узаткансыңар. Ал иш сентябрда эле бүттү. Эми УКМК кызматкерлери ал кызды тыйынсыз калтырабыз деп жатыптыр", — деди Сурабалдиева.
Мындан улам ал төрага Нурлан Шакиевге кайрылып, депутаттарды коргоп берүүнү суранды. Каршы позиция үчүн эле мындай куугунтукту токтотуу керектигин айтты.
Депутат Сүйүн Өмүрзаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Өмүрзаков: кабинеттен чыгарууга жогору жактан буйрук бергендерге чара көрүлсүн
Жаңылыктар түрмөгү
0