https://sputnik.kg/20221121/dujno-apta-irmemi-surot-1070185785.html
Кемпир-Абаддан тарта жаан тилеген аялдарга чейин. Апта ирмеми
Кемпир-Абаддан тарта жаан тилеген аялдарга чейин. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Венесуэлада өлкөнүн эң сулуу кызы тандалса, Индонезияда G20 саммитти өттү. Ал эми Россияда "Зоомир" фестивалы көпчүлүктү көңүл кош калтырган жок. Sputnik өткөн... 21.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-21T17:07+0600
2022-11-21T17:07+0600
2022-11-21T17:07+0600
апта ирмеми
дүйнөдө
сүрөт
сүрөт түрмөк
сулуу
шайлоо
адам
фестиваль
иш-чара
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/14/1070147785_0:84:3071:1811_1920x0_80_0_0_c3fd51ac596bae5571bddec870722912.jpg
По теме:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0b/14/1070147785_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_57a688b223090e2659ac7d831d634997.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
апта ирмеми, дүйнөдө, сүрөт, сүрөт түрмөк, сулуу, шайлоо, адам, фестиваль, иш-чара, фото
апта ирмеми, дүйнөдө, сүрөт, сүрөт түрмөк, сулуу, шайлоо, адам, фестиваль, иш-чара, фото
Кемпир-Абаддан тарта жаан тилеген аялдарга чейин. Апта ирмеми Венесуэлада өлкөнүн эң сулуу кызы тандалса, Индонезияда G20 саммитти өттү. Ал эми Россияда "Зоомир" фестивалы көпчүлүктү көңүл кош калтырган жок. Sputnik өткөн аптадагы болгон окуялардын сүрөттөрүн жарыялайт.
© AFP / Yuri Cortez "Венесуэла сулуусу — 2022" титулун алган Диана Сильва. Сулуулар сынагынын финалында ага таажыны былтыркы жеңүүчү Аманда Дудамель кийгизүүдө.
"Венесуэла сулуусу — 2022" титулун алган Диана Сильва. Сулуулар сынагынын финалында ага таажыны былтыркы жеңүүчү Аманда Дудамель кийгизүүдө.
© AP Photo / Emrah Gurel Стамбулдагы терактыдан көз жумган Арзу Озсой жана анын 15 жаштагы кызын акыркы сапарга узатуу учуру. Истикляль көчөсүндөгү жардыруу 13-ноябрда болуп, анда алты адам каза таап, 81 киши жабыркаган
Стамбулдагы терактыдан көз жумган Арзу Озсой жана анын 15 жаштагы кызын акыркы сапарга узатуу учуру. Истикляль көчөсүндөгү жардыруу 13-ноябрда болуп, анда алты адам каза таап, 81 киши жабыркаган
© AFP / Pius Utomi Ekpei Нигерияда Yanuo Industries кампасы өрттөнүп, жумушчулар товарларды алып чыгууда
Нигерияда Yanuo Industries кампасы өрттөнүп, жумушчулар товарларды алып чыгууда
© AP Photo / Marco Ugarte Мексикадагы "Эгемендүүлүк периштеси" эстелигин оңдоого каршы митинг
Мексикадагы "Эгемендүүлүк периштеси" эстелигин оңдоого каршы митинг
© AP Photo / Leon Neal Бул — Франция президенти Эммануэль Макрон. Фотограф аны Балидеги "Чоң жыйырмалыктын" саммитинде түшкү тамактануу учурунда тартып алган.
Бул — Франция президенти Эммануэль Макрон. Фотограф аны Балидеги "Чоң жыйырмалыктын" саммитинде түшкү тамактануу учурунда тартып алган.
© AP Photo / Brian Inganga Кениядагы кыштактардын биринин тургуну кудуктагы суудан уйларды сугарып жатат
Кениядагы кыштактардын биринин тургуну кудуктагы суудан уйларды сугарып жатат
© AFP / Angela Weiss Америкалык модель Шеннон менен Шаннаде Клермон. Сүрөт Нью-Йорктун Бруклин музейинде Thierry Mugler: Couturissime көргөзмөсүнүн ачылышында тартылган.
Америкалык модель Шеннон менен Шаннаде Клермон. Сүрөт Нью-Йорктун Бруклин музейинде Thierry Mugler: Couturissime көргөзмөсүнүн ачылышында тартылган.
© AP Photo / Alex Brandon G20 саммиттинин алкагында бак отургузган АКШ президенти Жо Байден, Индия премьер-министри Нарендра Моди, Индонезия президенти Жоко Видодо жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен
G20 саммиттинин алкагында бак отургузган АКШ президенти Жо Байден, Индия премьер-министри Нарендра Моди, Индонезия президенти Жоко Видодо жана Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен
© AP Photo / Andrew Harnik АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турчу президенттик шайлоого талапкерлигин кое турганын расмий билдирди
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турчу президенттик шайлоого талапкерлигин кое турганын расмий билдирди
© AFP / Ted Aljibe "Жер сулуусу" сынагынын катышуучулары. Белгилей кетсек, бул сынакта Кыргызстандан Айжан Чаначева да ат салышмакчы.
"Жер сулуусу" сынагынын катышуучулары. Белгилей кетсек, бул сынакта Кыргызстандан Айжан Чаначева да ат салышмакчы.
© AFP / Andreas Solaro Римдеги Олимпиада стадиону. Бийчилер "Тынчтык үчүн оюн" аттуу футболдук мелдештин алдында аргентиналык футболчу Диего Марадонанын урматына бийлешти.
Римдеги Олимпиада стадиону. Бийчилер "Тынчтык үчүн оюн" аттуу футболдук мелдештин алдында аргентиналык футболчу Диего Марадонанын урматына бийлешти.
© AP Photo / Juan Karita Пукарада (Боливия) Кудайдан жамгыр тилеген аялдар
Пукарада (Боливия) Кудайдан жамгыр тилеген аялдар
© Sputnik / Maxim Zakharov / Медиабанкка өтүү ЛЭРдеги Элдик милициянын аскери Рубежныйдагы биологиялык анализ жүргүзгөн лабораториянын документтерин текшерүүдө
ЛЭРдеги Элдик милициянын аскери Рубежныйдагы биологиялык анализ жүргүзгөн лабораториянын документтерин текшерүүдө
© AFP / Pascal Guyot Франциялык актриса Мари Корнильон корриданы жоюуну талап кылган акцияда
Франциялык актриса Мари Корнильон корриданы жоюуну талап кылган акцияда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Өткөн аптада Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу келишимди колдоду. Парламенттин бул жыйынына өлкө башчы Садыр Жапаров да катышкан.
Өткөн аптада Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу келишимди колдоду. Парламенттин бул жыйынына өлкө башчы Садыр Жапаров да катышкан.
© AP Photo / Chris Pizzello Ырчы Анитта Лас-Вегастагы Latin Grammy Awards сыйлыгын тапшыруу аземинде
Ырчы Анитта Лас-Вегастагы Latin Grammy Awards сыйлыгын тапшыруу аземинде
© AFP / Juan Barreto La Conspiraciуn театралдык труппасынын катышуучусу Колумбиядагы бий фестивалынын алкагында коомдук транспорттун ичинде өнөрүн көрсөттү
La Conspiraciуn театралдык труппасынын катышуучусу Колумбиядагы бий фестивалынын алкагында коомдук транспорттун ичинде өнөрүн көрсөттү
© Sputnik / Ilya Naymushin / Медиабанкка өтүү Россиянын Красноярск шаарында "Зоомир" аттуу фестиваль болду. Сүрөттө бут кийимдин ичиндеги күчүктөр.
Россиянын Красноярск шаарында "Зоомир" аттуу фестиваль болду. Сүрөттө бут кийимдин ичиндеги күчүктөр.
© AP Photo / Vladimir Tretyakov Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Мында аял балдарын шайлоо участогунун алдында сүрөткө тартып жатат.
Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Мында аял балдарын шайлоо участогунун алдында сүрөткө тартып жатат.
© AP Photo / Hassan Ammar Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анын салтанаттуу ачылыш аземи кечээ, 21-ноябрда, болду. ЖМКлардын маалыматы боюнча, бул тарыхтагы эң кымбат дүйнө чемпионаты. Ага уюштуруучулар 208 миллиард доллар сарпташкан.
Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Анын салтанаттуу ачылыш аземи кечээ, 21-ноябрда, болду. ЖМКлардын маалыматы боюнча, бул тарыхтагы эң кымбат дүйнө чемпионаты. Ага уюштуруучулар 208 миллиард доллар сарпташкан.