12-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүПаркта ит менен кыз. Архив
Паркта ит менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас жергесинде +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10...+15, Ысык-Көл облусунда +4...+9 градус жылуу болсо, ал эми Нарында -1...+4 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +8...+10, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Төшөктө отурган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Ден соолук жайында эмес экенинен кабар берген 5 белги
Жаңылыктар түрмөгү
0