Дүжүр делегаттар болбойт. I элдик курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек көтөргөн адамдар. Архив
Желек көтөргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2022
Жазылуу
Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбай турганын айтышты.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбор калаада өтө турган I элдик курултайды өткөрүүнүн күн тартиби бекитилгендигин президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы астында уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму болуп, иш регламентинин жана эмблемасынын долбоорлору да жактырылган.
Ал төмөнкү тартипте өтөрү айтылды:
I элдик курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланат. Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Элдик курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим элдик курултайдын төрагасы тарабынан мамлекеттин бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тийиштүүлүгү боюнча сунуштоо мүнөзүндө жиберилет.
Жыйын президенттин жыйынтыктоочу сөзү менен аяктайт.
Мамлекет башчынын 2022-жылдын 15-августундагы жарлыгына ылайык, чакырылган элдик курултайдын курамы 1074 делегаттан турат.
"Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашуусу. Мурдагыдай даярдалган дүжүр делегаттар болбойт. Бийлик менен элдин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча берилген өзөктүү сунуштарды эске алуу менен мындан ары кадам таштоо", — деген Касмамбетов.
Анын ичинде:
административдик-аймактык бирдиктерден — 1 036 делегат;
чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан — 28 делегат;
конфессиялык коомчулуктардан — 10 делегат.
Ал эми административдик-аймактык бирдиктерден делегаттардын шайланып келүүсүнө төмөнкүдөй квота каралган:
452 айыл аймагынын ар биринен экиден (904 делегат);
облустук маанидеги 12 шаардын ар биринен экиден жана райондук маанидеги 18 шаардын ар биринен бирден (42 делегат);
Бишкек шаарынан — 60, Ош шаарынан — 30 (90 делегат).
I элдик курултай 25-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.
Желек кармаган адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Парламенттин ордун баспайт. Садыр Жапаров Элдик курултай туурасында айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0