Парламенттин ордун баспайт. Садыр Жапаров Элдик курултай туурасында айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек кармаган адамдар. Архивдик сүрөт
Желек кармаган адамдар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2022
Жазылуу
Президент Курултайды 25-ноябрга чакырган себебин аймактарда жыйым-теримдин бүтүшү менен түшүндүрдү. Андан сырткары, бул ирет "дүжүрлөр чогулбайт" деп бекемдеди.
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайды өткөрүүнүн зарылдыгы тууралуу түшүндүрдү. Ал "Кабар" маалымат агенттигине маек берген.
Журналист суроосунда бул демилгеге карата айрымдар "баягыдай эле дүжүрлөрдү чогултат" дешсе, башкалары "парламенттин ордун басабы?" деп жатканын, ал эми оппозициядагылардын "альтернативдүү курултай өткөрөбүз" дегенин айткан.
"Биздин Баш мыйзамыбызда Курултай институту болуш керек деп так жазылып турат. Мурдагы Баш мыйзамыбызда деле бар болчу, бирок аткарылган эмес. Курултай жөнүндө мыйзам кабыл алынбай келген, анткени мурдагы депутаттар "биз турсак, курултайдын эмне кереги бар?" дешип, кабыл албай келишкен. Бул парламент дагы ошондой ой менен кабыл албай жатабы, айтор, мыйзам өткөн жок. Ошол үчүн жарлыгым менен 25-ноябрга курултай чакырдым. Буга толук укугум бар. Эмне үчүн 25-ноябрь? Анткени жыйым-терим бүтөт. Элдин баары бошогон убак болот. Дыйкандарга тоскоол болбосун дедим. Эч кандай мурдагыдай дүжүрлөр чогулбайт. Жергиликтүү бийлик делегат тандоого катышпайт. Айылдык кеңеш элди чогултат. Чогулган эл кимди шайласа, ошол адам делегат болуп келет", — деген президент.
Жапаров ошондой эле Курултай парламенттин ордун баспай турганын белгилеген.
"Жок, эч кандай парламенттин ордун баспайт. Жылына бир жолу чогулуп, өкмөттүн, парламенттин бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтарын угуп, өздөрүнүн көз караштарын айтып, алдыдагы жасала турган иштер боюнча сунуштарын берип, кайра тарап кетип турушат. Эмне үчүн мындай кылып жатабыз? 30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат бердим. Бирок журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду", — деген мамлекет башчы.
Жапаров альтернативдүү курултай уюштурабыз дегендер туурасында пикирин айткан.
"Ал эми “альтернативдүү Курултай уюштурабыз” дегендер аман эле болсун эми. 5-6 жыл мурда депутаттыкка жетпей жүргөндө "Курултай болуш керек" деп кыйкырып жүргөн. Депутаттыкка жетип алгандан кийин "Курултай мамлекетти талкалайт" деп калыптыр. Муну эки жүздүүлүк деп коет", — деп сөзүн жыйынтыктаган президент.
Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын желектери менен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Курултайга 1000 адам чогулуп, кандай маселелер талкууланары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0