Түндүк Корея ТИМи: АКШ өзөктүк согушка сценарий даярдап жатат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанындагы унаада Түндүк Корея желеги. Архив
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын жанындагы унаада Түндүк Корея желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
Пхеньяндагылар кокус Америка Түндүк Кореяга каршы күч колдонууга аракет кыла турган болсо, бул үчүн жооп берип каларын эскертишкен.
БИШКЕК, 1-ноя.— Sputnik. Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Корея менен АКШнын кезектеги аскердик машыгуусунан улам Кошмо Штаттарды Пхеньян менен өзөктүк согушка даярданып, Корея жарым аралында кырдаалды курчутууга ниеттенип жатат деп айыптады. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Борбордук телеграф агенттигине таянып РИА Новости жазды.
Дипөкүлчүлүк эгер Вашингтон күчүн Пхеньянга каршы колдонсо, бул аракети үчүн жооп берерин эскерткен.
"АКШ менен Түштүк Кореянын бүтпөгөн аскердик машыгуусунан улам Корея жарым аралында кырдаал курчуп, тирешүү олуттуу фазага жетти. АКШнын бул жылы тынбай өткөрүп жаткан ири аскердик машыгууларынан улам аймакта абал мурдагыдан да оорлошуп, кооптуу боло баштады", — деп жазылат ТИМдин маалыматында.
Тышкы иштер министрлигинин атын атабаган өкүлүнүн айтымында, дүйнөнүн бир да жеринде масштабы, мазмуну жагынан мындай агрессивдүү мүнөздөгү машыгуу өткөрүлгөн жок. Пхеньяндагылар АКШнын "Корей жарым аралындагы абалды Түндүк Корея курчутуп жатат" деген айыптоосун акылга сыйгыс деп атап, абалды АКШ оорлоштуруп жатканын белгилешкен. Алар Американын чагымчыл машыгууларынан болгону коргонуп жатканын кошумчалашкан.
"АКШнын Түндүк Кореяга каршы өзөктүк согушунун сценарийи акыркы этабына келгенин бардык фактылар ачык эле көрсөтүп жатат. Америка өзөктүк стратегия менен суверендүү мамлекеттин бийлигин жок кылууну көздөгөн жалгыз өлкө. Эгер алар Түндүк Кореяга каршы күч колдонууга аракет кыла турган болсо, бул үчүн жооп берип каларын унутпашы керек. Биз мамлекеттин бүтүндүгүн сактап, калктын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык кадамга барууга даярбыз. Эгер АКШ дагы чагымчыл иштерди жасаса, биз олуттуу жооп беребиз", — деген ТИМ.
Маалым болгондой, бул жылы АКШ менен Түштүк Корея аскердик машыгууларын апрель айында баштаган. Кийин августта дагы бир Ulchi Freedom Shield машыгуусу болуп, ошондон бери мындай даярдыктар бирде деңизде, бирде абада өтүп, азыркыга чейин бүтө элек. Учурда эки мамлекет ири авиациялык машыгуу өткөрүп жатканы белгилүү болду.
Баллистикалык ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Түндүк Корея үч ракета учуруп, Токио нааразылыгын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0