РФ Коргоо министрлиги "Түндүк агымдагы" жардырууга Улуу Британияны айыптоодо

© Фото / Kustbevakningen Шведская береговая охрана"Түндүк агым — 1" газ түтүктөрүн жардырылган жер. Архивдик сүрөт
Түндүк агым — 1 газ түтүктөрүн жардырылган жер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Ведомство газ түтүктөрүн жабыркатуунун артында Улуу Британиянын өкүлдөрү турган деп эсептеп жатат.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүндөгү жардырууну даярдаган деп Улуу Британияга айып коюуда.
Мындай билдирүү бүгүн Севастополго жасалган чабуулга байланыштуу жасалды. Бүгүнкү теракт менен Украинанын деңиз операциялары боюнча 73-атайын борбордун аскер кызматкерлерин окутуу Очаковго келген британиялык адистердин жетекчилиги менен ишке ашырылганы белгиленип жатат.
"Колдогу маалыматтарга караганда, Улуу Британиянын аталган бөлүктөгү өкүлдөрү 26-сентябрда "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" газ түтүктөрүндөгү жардырууну даярдоого, камсыздоо жана ишке ашырууга катышкан", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, сентябрдын аягында болгон диверсияларды РФ президенти бүтүндөй континенттин энергетикалык коопсуздугун үзгүлтүккө учураткан эл аралык террордук акт деп атаган.
Түндүк агым газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
"Түндүк агымдагы" газ кармашы кызыды. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0