Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын Севастополго кол салуусу. Бардык учкучсуз аппараттар жок кылынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСевастополь шаары. Архивдик сүрөт
Севастополь шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги кол салууга даярдыктар британиялык адистердин жетегинде болду деп билдирди.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бүгүн таңкы саат 04:30дан тартып Россиянын абадан коргонуу күчтөрү Севастополго чабуул жасаган учкучсуз аппараттар менен күрөштү. Шаардын губернатору Михаил Развожаев Telegram-каналында учкучсуз бардык аппараттар жок кылынгандыгын маалымдады.
"Биздин аскерлердин маалыматы боюнча, учкучсуз учактардан тышкары акваторияда суу үстүндөгү учуучу жабдык да жок кылынган. Шаардын бардык кызматтары даярдыкта болчу, жарандык инфраструктуралык объектилер жабыркаган жок", — деп жазды Развожаев.
Ал белгилегендей, студенттер жашаган жатаканалардын биринин терезеси катуу добуштан улам сынып кеткен. Бирок мындан эч ким жабыркаган эмес. Ошондой эле бийлик паром, кайыктар убактылуу токтотулганын маалымдады.
РИА Новости басылмасы Развожаевдин билдирүүсүнө таянып атайын кызматтар социалдык түйүндөргө жүктөлгөн видеолорду текшере тургандыгын жазды. Ал видеолор шаарды дрондордун чабуулунан коргоо үчүн Севастополдун абадан коргонуу күчтөрү системаларын аныктоого мүмкүндүк берет.
Губернатор мындан ары жөнөкөй жарандар үчүн коюлган сырткы көзөмөл камералар жана видеолор эми бир гана атайын кызматтагыларга гана көрүнө турганын кошумчалаган. Мындай тартип жогорку террордук кооптуулук мезгили өткүчөктү сакталат.
Коргоо министрлиги Севастополдогу Кара Деңиз флотуна жана жарандык кемелерге кол салуу жөнүндө билдирүү жасады:
Украинанын куралдуу күчтөрү тогуз дрон жана жети учкучсуз автономдук деңиз аппараттары менен кол салды, абадан кол салууга багытталган бардык жабдыктары жок кылынды;
Учкучсуз төрт деңиз аппараты жана ички рейддеги дагы үч аппараты жок кылынды;
"Иван Голубец" деңиз тральщиги бир аз жабыркады, ошондой эле Южная бухтасындагы тосмо бузулду.
Кара Деңиз флотунда чабуулга кабылган кемелер украиналык порттордон айыл чарба продукцияларын ташуу боюнча эл аралык демилгенин алкагында "дан коридорунун" коопсуздугун камсыздоодо турган;
Терактыны даярдоо жана Украинанын 73-деңиз операциялары атайын борборунун аскерлерин окутуу Николаев облусундагы Очаков шаарында британиялык адистердин жетектөөсүнүн алдында ишке ашырылды;
Улуу Британиянын деңиз аскерлер күчүнүн бул бөлүмү 26-сентябрда Балтика деңизинде "Түндүк агым — 1" жана "Түндүк агым — 2" газ өткөргүчтөрүн жардырууну пландоого, аны камсыздоого жана терактыны ишке ашырууга катышкан.
Украинанын аскер күчтөрүнүн согуштук кылмыштары. Видеоинфографика - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын аскер күчтөрүнүн согуштук кылмыштары. Видеоинфографика
Жаңылыктар түрмөгү
0