"Түндүк агымдагы" газ кармашы кызыды. Сереп

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым" газ түтүгү. Архив
Түндүк агым газ түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
Россиялык коом бошотулган аймактардагы референдумдардагы добуш берүүнүн жыйынтыгына назар салып турганда белгисиз авторлордун эптүү колдору жаңы "жалынды" тутантышты.
Маалыматтык мейкиндикти "Түндүк агым" газ түтүктөрүнүн магистралдык түйүндөрүндө күтүүсүздөн жумушчу басымы азайып кеткени тууралуу билдирүүлөр дүң кылды. Бул кабар адегенде тамаша катары кабылданып, бирок тез эле тастыкталганын белгилейт серепчи Сергей Савчук. Автордун макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Биринчилерден болуп Nord Stream AG газ түтүгүнүн оператору үн катып, "Түндүк агым — 2" магистралындагы басымдын төмөндөп кеткенин расмий түрдө моюнга алган. Ага удаа эле анын биринчи саптагы кесиптештери да тастыктаган.
Дароо үч: "Түндүк агым – 1де" эки (Даниядагы Борнхольм аралынын түндүк-чыгышында), "Түндүк агым – 2де" бир (аталган аралдан түштүк-чыгышка карай тарабында) транспорттук түйүн бузулганы маалым болду.
Оператор маалымат топтоп, талдап, ал эми Кремль кылдат билдирүү даярдаганча басма сөзгө магистралдык түтүк капыстан бузулганы жөнүндө маалымат тараган. Мисалы, бул райондогу кемелердин биринин якору илинип калганы айтылды. Бирок кымындай эле текшерүүдө эле ал версия жокко чыкты.
Кийинки сөздү Россия президентинин басма сөз катчысы алып, болуп көрбөгөндөй окуя деп атап, пландалган диверсия да болушу мүмкүн экенин белгилеген. Германиялык Tagesspiegel буга же Украина, же аларга болушунча көмөктөшкөн күчтөр болушу ыктымал деген ойду ортого таштады. Башкалары ушул ойду улап кетти.
Германиялык Berlingske басылмасы да Дания энергетикалык агенттигине шилтеме кылуу менен кырсык болгон жерде жарака же герметикалык трасса гана бузулбастан, катуу тешилип калганын жазып чыкты. Германия өкмөтү федералдык кызматтар менен кырсыкты атайын иликтөө башталганын жар салды.
Берлин окуя атайын даярдалган диверсия катары караларына өзгөчө басым жасаган. Андан көп өтпөй даниялыктар окуя болгон жерден видео жарыялашты. Деңиз бетинен газ кайнап чыгып, так болуп калганы тасмада даана байкалат. Эки кызыкдар жак, тагыраак, Россия менен Германия тараптан да кырсык фактысы гана эмес, диверсия катары таанылды.
Түтүк дал түбүндө жатат, топуракка көмүлгөн эмес, анын орточо тереңдиги 100 метрдин тегерегинде. Ал эми "Түндүк агым — 1" өткөн Борнхольм аралындагы түтүк жаткан жердин тереңдиги 45-50 метрдей бар, ал эми түштүк-чыгыштагы "агым" 50-60 метр тереңдикте бузулган.
Москва менен Берлиндин билдирүүсүнөн сырткары, Швециянын сейсмологиялык борборунан да маалыматтар түшкөн. Анда түтүктөгү кырсыктын алдында 2,3 баллдык жер титирегени айтылат.
Профилдик адистер кайра эсептеп чыгып, газ түтүгү тротилдик эквивалентте 100 килограммдан кем эмес кубаттуулуктагы зат менен жардырылган болушу ыктымал экенин айтышкан. Бир жарым жыл мурун, 2021-жылдын апрелинде Балтикада НАТО өлкөлөрүнүн аскер-деңиз окуусу өткөн. Негизги ролду Польша Аскер-деңиз флотунун согуштук кемелери ойногон. Түшүнүксүз себептер менен машыгуу "Түндүк агым — 2нин" түтүгүн "Фортуна" кемеси коюп жаткан жерден анча алыс эмес райондо өткөн.
Польшалык кеме жана учактар "Фортуна" жай кемесин тегерене беришкени белгилүү. Ошол эле учурда Варшава түтүктө кайсы бир россиялык тыңчылык жабдуу орнотуларын айтып, Батыштын басма сөзүн дүң кылган. Бирок кымындай да факты менен тастыкталган эмес.
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Forbes: Европага дагы бир кооптуулук жакындап келе жатат
Укмуштай шайкештикти караңыз, машыгуу аяктаары менен Польша менен Норвегияны байланыштыра турган Baltic Pipe газ түтүгүнүн курулушунун активдүү фазасы башталат. Россиялык аскердик адистер ошондо эле РФ газ түтүктөрүнө жаралган кооптуулукка көңүл бурдуруп, коркунуч дал диверсиялык мүнөздө болорун белгилешкен.
Магистраль аскердик суучулдар же суу түбүндөгү киши тескебеген аппараттардын соккусу аркылуу иштен чыгарылышы мүмкүн. Куралдын бул түрү тек булалуу чубалгы менен башкарылып, байкоо салган камерага, гидролокаторго, сокку уруучу жерге жүз килограмм жана андан ашуун жүк ташый алчу жөндөмгө ээ.
Дагы бир өтө кызыктуу жагдай, соңку учурларда АКШ Аскер-деңиз флотунун USS Kearsarge десанттык кемесинин көзөмөлүндөгү согуштук кемелер топтору дал ушул райондо сүзүп жүргөнү.
Авиатрекерлерден алынган маалыматтарга ылайык, сокку уруучу тик учактар бир айдан бери Борнхольмго жакын жерди айланып жүрөт. Буга суу түбүндөгү сокку уруучу аппараттардын ийгиликтүү сыналышын да кошсок болот. Бул тууралуу Sea Power журналынын июль айындагы номеринде маалымдалган. Эске салсак, дал ушул жабдуулар BALTOPS 22 машыгууларында пайдаланылды. Аталган аскердик окуулар даниялык аралга жакын жерде мурдагы күнү, россиялык газ түтүктөрү жардырылган соң аяктады. Россиялык магистралда дүйшөмбү күнү кырсык болсо, дароо эртеси Польша Baltic Pipe газ түтүгү ишке берилгенин салтанаттуу жарыялады.
Окуя тууралуу Кошмо Штаттар гана көпкө унчукпады. Мурдагы күнү гана медиа мейкиндикте америкалык мамлекеттик катчынын билдирүүсү пайда болду. Ал "Түндүк агым – 1", "Түндүк агым – 2" магистралдардагы саботаж эч бир тараптын кызыкчылыгына туура келбестигин айтты. Блинкен дал кайсы тараптар экенин тактабагандыктан мында да үстүртөн талдоого болот.
Эки магистралга эки мамлекеттин: Россия жана Германиянын тиешеси бар. Биринчиси үчүн бул – бекем валюта менен төлөнгөн туруктуу сатуу рыногу, экинчисине ынанымдуу энергетикалык база.
"Түндүк агым – 2ге" жалпылап каршы чыгып, бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан түтүктү Грайфсвальдга чейин узартып, ал түгүл техникалык газ менен толтурушканы белгилүү. Бирок долбоорго чекит коюлган.
"Түндүк агым — 1" "Портовая" компрессордук станциясындагы газ сордуруучу агрегаттар пландалган-алдын алуучу ремонтко чыгарылганча максималдуу кубаттуулукта иштеп турган. Германиялык Siemens ишканасынын алгачкы турбинасы иш жүзүндө Канада тарабынан тартып алынган. Болбосо ал заводго техникалык кароо үчүн гана жеткирилген эле. Германия күрөшүп жатып өз менчигин кайтарып алган, бирок калган агрегаттардын да мөөнөтү аяктап калган.
Дагы бир ирет атайын белгилей кетели, эки долбоор тең Россия тарабынан эмес, АКШнын жетекчилиги менен Батыш тарабынан жок кылынган. Кошмо Штаттар Россия менен Германиянын ортосунда газ түтүктөрүнүн ишке берилишине жол бербөөгө болушунча жан үрөшкөн.
Натыйжада иш жүзүндө Россия менен Европанын байланышы үзүлүп калды, анткени газ түтүгүн оңдоо канча убакытты алары белгисиз. Бир нече айга созулары болжонууда. Германия ондогон жылдар бою Польшага газ сатып келсе, азыр бул өлкөдөн тийиштүү көлөмдү кошумча сатып алууда.
Польша жаңы газ түтүгүн ишке берип, Европа рыногундагы өз салмагын жогорулатууда. Ал эми анын тарыхый атаандашы – Германия бул маселеде океан ар жагынан келген суюлтулган газдан көз каранды болуп турат. Окуядан улам Европада көгүлтүр оттун баасы асман чапчыды, 1000 куб метри 2 100 доллардан ашты.
"Газпромду" украиналык түтүктөр аркылуу газ алып өтпөгөнү үчүн айыптап жаткан "Нафтогаз" кайрадан жабдууну баштоону же келишимди аткарбагандыгы үчүн айып төлөөнү талап кылууда. Жогорудагыларга көз жүгүртсөк, шайкештиктер өтө көп экенин байкаган чыгарсыз.
Түндүк агымдагы кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
"Түндүк агымдагы" кырсык: Европа кыйын кезеңдин камын көрүүгө мажбур...
Жаңылыктар түрмөгү
0