Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Карачалов: либералдык эмгек кодекси туңгуюкка кептейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКурулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов
Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2022
Жазылуу
Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Элдияр Карачалов Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча пикирин билдирди.
Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизсе болот, бирок алар бардык тараптын кызыкчылыгын камтышы керек. Мындай пикирин Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Карачалов: либералдык эмгек кодекси туңгуюкка кептейт
Анын айтымында, аралыктан иштөө боюнча мыйзам долбоорун киргизүү туура.
"Жаңы Эмгек кодексин кабыл алуу дегенде маселе жаралат. Учурдагы кодексте 440 берене бар. Анын ичинен бизнестин өкүлдөрү кемчилик катары социалдык чегерүүлөр салыкты кошкондо 40 пайызга жеткенин айтууда. Муну азайтуу боюнча иш берүүчүлөрдү колдоого болот. Ошол эле учурда алардын "либералдык эмгек кодексин кабыл алуу керек" дегени туура эмес. Анткени Грузиянын форматындагы эмгек кодекс өлкөдөгү иш берүүчү менен кызматкердин алакасын туңгуюкка кептейт. Анткени анда иш берүүчү менен жумушчу тең укуктуу болуп калат. Мындай учурда кызматкер өз алдынча укугун коргой албай калат. Албетте, ак ниет жумуш берүүчүгө туш келсе жакшы. Бирок андайлар 5 пайызды гана түзөрүн эске алышыбыз керек. Албетте, мамлекет, иш берүүчү жана кызматкердин кызыкчылыгын көздөгөн нормалар өзгөрө турган болсо колдоого болот. Бирок ал бир гана бизнестин кызыкчылыгына туура келбеши керек", — деди Карачалов.
Ошондой эле ал статистика боюнча эмгек мамиленин 60-70 пайызы формалдуу эмес болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0