Уйкунун бузулушу эмнени билдирет? Психиатр абалды жөнгө салуу жолдорун айтты
© Фото / Pexels / cottonbroКыз төшөктө телефон менен. Иллюстративдик сүрөт
© Фото / Pexels / cottonbro
Жазылуу
Адис смартфонго ашыкча үңүлүүнү токтотуп, кыймылды көбөйтүп, таза абада көп жүрүүнү эскертет.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Уйкунун бузулушу психикалык абалдын жакшы эмес экендигинен кабар берет. Бул тууралуу Москванын башкы психиатры Георгий Костюк РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Депрессия менен байланышкан тынчсыздануу жөнүндө сөз кылганда психикалык абалдын жайында эместигинин биринчи белгиси — уйкунун бузулушу. Ал кээде уктап калуу кыйын болгон формада да пайда болушу мүмкүн. Айрым учурда адам бат эле уктап калып, бирок түн ортосунда ойгонуп кетет, кайра уктай албай кыйналат, кээде өтө эле эрте туруп алат. Мунун айынан күндүз кечке кыйналып, шалдырап жүрөт. Уйкунун бузулушу — психикада кандайдыр бир көйгөй жаралгандыгын билдирген сезимтал индикаторлордун бири", — деген Костюк.
Ал уйку — адамдын абалын жөнгө салуучу эң күчтүү курал экенин белгиледи. Муну нормага келтирүү менен ар кандай психикалык оор абалдан тезирээк чыгып кетүүгө мүмкүн болорун кошумчалады.
"Уйкунун сапатына, анын узактыгына маани берүү керек. Интернет-гигиенаны сактап, смартфонго артыкча үңүлүүнү токтотуу кажет. Алкоголду азайтып, кыймылды көбөйтүп, таза абада көп жүрүү — ушуларды аткаруу менен абалды жакшыртууга болот", — деген психиатр.
Ал депрессияга көбүнчө аялдар, тынчсыздануу, коркуу, шектенүү сезимдери күчтүүлүк кылган адамдар кабыларын кошумчалаган.
Костюк белгилегендей, адам бир эле физикалык турпатынан турбайт, психикалык абалы, жан дүйнөсү анын бөлүнгүс бир бүтүндүгү, мындан улам жан дүйнөнүн абалы анын саламаттыгына түз таасир берет.
"Классикалык психосоматикалык ооруларга астма, артериялык гипертензия жана башка илдеттер кирет. Мындай оорулардын өрчүшүнө стресс, тынчсыздануу, коркуу абалдарынын таасири чоң. Көп учурда депрессиялык абалда уйкунун бузулушу, кыжаалатчылык байкалбайт. Мисалы, адамда жүрөк, дем алуу органдарында оорулар жок болсо деле депрессия учурунда көкүрөгүнүн айланасындагы ооруларды, жүрөгүнүн ооруганын же дем алууда кыйналып, аба жетпегендей болгонун сезиши мүмкүн, башы да көп ооруй баштайт. Бул учурда адамга кардиолог, пульмонолог же невролог жардам бере албайт, анын ордуна психологго, психотерапевтке же психиатрга барганы туура", — деди адис.