Советбек Жумадыловдун "карындашы" Венера Нигматулина. Тасмадагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Sputnik / Александр Федоров
Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Венера Нигматулинанын сүрөтү 1981-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Ал жылы белгилүү режиссёр Мелис Убукеев советтик жазуучу Аркадий Ваксбергдин чыгармасынын негизинде "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасын камера түшүрүп, сүйүшкөндөрдүн оор тагдырын баяндаган драмага Константин Орозалиев операторлук кылган.
Казакстан маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Венера Нигматулина ал кезди мындайча эскерет.
"Тагдыр буйруп мен Мелис Убукеевдин ошол тасмасына катышып калгам. Анда мектепте окуп жүргөн кезим, актерлук билимим да жок болчу. Мен Казакстандан, Талгат Нигматулин Москвадан учуп келип тартылганбыз. Ага молдовалык, кыргызстандык актер, актрисалар да катышып, чыгармачыл топ Фрунзе, Каракол, Ош шаарында да иштеген. Мен Кыргызстанга барган сайын көз алдыма ошол кездеги эң мыкты күндөр эске түшөт. Кыргыздын мыкты актерлору Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, таланттуу режиссерлор Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевди эстейм", — деди Нигматулина.
Аталган кинокартинада Нигматулина чырайлуу Гулянын, Жумадылов анын агасы Темирдин ролун аткарган. Бир шаардагы жашоо-турмуш, театрдын артисти Назар менен Гулянын махабаты баяндалган эмгекке Светлана Норбаева, Куман Тастанбеков, Ахмед Шамиев, Макиль Куланбаев, Лейла Бекназарова, Павел Винник, Тургун Бердалиев, Асанали Ашимов, Раиса Куркина, Наталья Аринбасарова тартылган.
Тема боюнча:
Темиркул Үмөталиев, Гапар Айтиев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Таберик сүрөт
Залкарлардын башын бириктирген "Каныбек". Таберик сүрөт
Согуш учурунда 30 жетимди асырап алган аталар. Ташкентте тартылган таберик сүрөт
Бөбөктөрдүн тилин таап тасма тарткан Видугирис. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0