00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Темиркул Үмөталиев, Гапар Айтиев, Түгөлбай Сыдыкбеков. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров
Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев, СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев жана Кыргыз Эл Баатыры, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.
Залкарларды Түгөлбай Сыдыкбековдун уулу Сабырбек Сыдыкбеков мындайча эскерет:
"Мен мектепте окуп жүргөн кезде сүрөттөгү инсандар биз үчүн чоң аксакалдар болчу. Атам менен Темиркул Үмөталиев көп шахмат ойноп калды. Мен болсо акындын уулу Таалайбек менен ойноп жөнөчүмүн. Гапар Айтиевдин уулу Сатар Айтиев менден эки жаш улуу эле. Сүрөтчү биздикине мейман болуп келчү. Айтиевдин атама белек кылган сүрөттөрү азыркыга чейин сакталып турат. Айтиевдер менен борбор калаадагы азыркы Раззаков көчөсүндө турчубуз. Негизи үчөөнүн мамилеси жакшы болгон. Дос, замандаш катары катышчу. Ал кезде Эркиндик бульвары тынч, азыркыдай эл көп жүрчү эмес. Жалаң чоңдор, элге төбөсү көрүнгөн инсандарды кезиктирчүбүз. Ошол жылдары интеллигенция өкүлдөрүнө мамиле аябай жакшы эле. Биздин үйгө белгилүү хирург Иса Ахунбаев, мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов, манасчы Саякбай Каралаев, жазуучулардан Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев, режиссёрлордон Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев келип турчу. Ал учурда каалаган адам эшикти такылдатып кирип келчү", — деди Сыдыкбеков.
Ошол жылдары Темиркул Үмөталиев китеп сүйүүчүлөр коомунун башкармасынын төрагасы эле. Гапар Айтиев Кыргыз ССРинин сүрөтчүлөр союзун жетектесе, Түгөлбай Сыдыкбеков жаңы чыгармаларды жаратуу менен алектенген.
Тема боюнча:
Бөбөктөрдүн тилин таап тасма тарткан Видугирис. Таберик сүрөт
Залкарлардын башын бириктирген "Каныбек". Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0