00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Согуш учурунда 30 жетимди асырап алган аталар. Ташкентте тартылган таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан уникалдуу сүрөттөрдү жарыялап, анын таржымалын баяндайт.
© Центральный государственный архив кинофонофотодокументов КР
Солдо турган өзбекстандык темир уста Шаахмед Шамахмудов менен Ош шаарынын жашоочусу, теги уйгур багбан Иманахун Ахмедовдун сүрөтү 1960-жылдары Ташкент шаарында тартылган. Сүрөттөгү инсандар Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 30 жетимди асырап алган.
1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү Советтер Союзуна каршы согуш ачат. Гитлерчилер СССРдин батыш аймактарынын көпчүлүгүн басып алат. Алардан качкан советтик жарандар Борбордук Азиядан баш паанек тапкан. Булардын арасында жетим балдар арбын эле. Жергиликтүү тургундар аларды багып алган учурлар көп болуп, кичинекейлер үчүн Кыргызстан экинчи мекенине айланган.
"Ош калаасынын жашоочусу Иманахун Ахмедов Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 13 улуттун өкүлдөрүнөн топтолгон 15 жетим баланы асыраган. Анын эки уулу кан майданда баатырларча курман болгон. Ахмедов СССРдин коргоо фондуна өзүнүн каражатынан 200 миң рубль которгон. Андан тышкары, ал калктан 1,5 миллион рубль чогултуп мамлекеттик банкка төккөн", — деп архивдик документтерде жазылган.
Ахмедовго окшоп ташкендик темир уста Шаахмед Шамахмудов жубайы Бахри Акрамова менен жети улуттун өкүлдөрүнөн 15 жетимди асыраган. Бул үй-бүлөнүн мындай каармандыгын журналисттер жазып чыгып, СССР жетекчилиги жубайларды Ардак белгиси ордени менен сыйлаган. Андан тышкары, Акрамовага Баатыр эне наамы ыйгарылган. Үй-бүлөнү даңазалап белгилүү өзбек жазуучусу Рахмат Файзи "Улуу мартабалуу адам" аттуу чыгармасын жазган. 1962-жылы атактуу өзбек режиссёру Шухрат Аббасов жубайлар тууралуу "Сен жетим эмессиң" деген аталышта көркөм тасмасын тарткан. Ташкенттеги бир көчөгө Шамахмудовдун ысымы ыйгарылган. 1982-жылы Өзбекстандын борборунда Шаахмед менен анын үй-бүлөсүнө арналган эстелик тургузулган.
Ахметов да 15 баланы асырап алган. Тилекке каршы, Ахмедовдун ал каармандыгы тууралуу Кыргызстанда тарыхый маалымат жокко эсе.
Тема боюнча:
Улуу тоолордогу улуу махабат. Кожожаш менен Зулайканын таберик сүрөтү
Шедеврлерди жараткан Шамшиев менен Мусаев. "Бөрү зындандагы" таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0