Өзгөндө жергиликтүү эл президент менен жолугушууга кирбей калдыбы? Расмий жооп

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы менен кошо эл менен жолугушууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Өзгөндө жергиликтүү тургундар мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга киргизилбей жатат деген билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын айтты.
Эске салсак, аталган аймактын райондук администрациясынын имаратында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе талкууланууда. Маалым болгондой, чогулгандардын жарымы залга батпай калып, көчөдө күтүп калышкан. Алар Садыр Жапаровдун эл менен жолугушуусу имараттын ичинде эмес сыртта өтүшүн жана Кемпир-Абадга байланыштуу маалыматтар ачык берилишин талап кылышкан.
Орунбековдун айтымында, Садыр Жапаров Өзгөн районунун тургундары менен жолугуп, чек ара боюнча маалымат берүүдө. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирген.
"Сыртта батпай калган эл экинчи этап менен киргизилди. Аларга маалымат берилип, суроолоруна жооп алышууда. Ал эми жолугушууга "киргизбей койду" деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бүгүн кечке чейин келгендер кирип маалымат алышат. Жолугушуудан чыккандардын айрымдары, кайра эле "кирбей калдык" деп социалдык тармакта түз эфирге чыгып жатышат", — деген ал.
Мамлекет башчы менен кошо эл менен жолугушууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
"Пикирлерге эч кандай чектөө болгон жок, депутат Адахан Мадумаров жана анын тарапташтарына чейин сөз берилди", — деп жазган Орунбеков.
29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Өзгөн районунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатканын билдирип, бийлик башындагылар "жең ичинен барып кол койгондугу өлкөдө аябай будуң-чаңды жаратууда" деп айткан.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе кайрадан кыргызстандыктардын көңүл чордонунда. Буга чейин Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча процедураны баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Андан кийин өкмөт Өзбекстан менен чек ара маселеси тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечилгенин билдирген.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынан кол жууп калышы ыктымал деп кооптонууда. Мындан улам эл эки өлкө ортосундагы макулдашуу боюнча ачык маалымат берүүнү талап кылууда.
Кемпир-Абад суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2022
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эмне белгилүү. Фактылар
Жаңылыктар түрмөгү
0