Кыргызстандыктар соңку жылдары этти көп жей баштады. Расмий статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековТамак даярдоо. Архив
Тамак даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2022
Жазылуу
Баары бир эттин көлөмү нормага жете элек, жылына бир адам 61 килограммдан кем эмес жеш керек.
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандыктар соңку жылдары орто эсеп менен алганда эт жана эт азыктарын көбүрөөк жей баштады.
Улуттук статистика комитети өлкөнүн керектөөчүлөр рыногу боюнча 2017-2021-жылдарга карата маалыматын жарыялады.
Бир адам жылына төмөнкүдөй көлөмдө эт жейт:
2017-жылы — 38,5 кг;
2018 — 40,3 кг;
2019 — 41,9 кг;
2020 — 42 кг;
2021 — 43,3 кг.
Деген менен бул нормага жетпейт. Өкмөт тарабынан бекитилген орточо физиологиялык керектөө ченемдери боюнча кыргызстандыктар бир жылда 61,3 килограммдан кем эмес эт жеши керек.
Эт базар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Кыргызстан экспорттогон малдын ич этинин көлөмү эки эсе азайып кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0