РФ ресурстарын "демократиядан четтеп" көзөмөлдөөдө. АКШ дүйнө сакчылыгындабы?

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМосквадагы Кремль. Архив
Москвадагы Кремль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2022
Жазылуу
Быйыл айтылуу Вулфовицтин доктринасына отуз жыл толот. Анын алгачкы шилтемдери 1992-жылдын мартында америкалык басылмаларга жарыяланган. СССР ыдырагандан үч ай өтпөй башталган.
Ошол мезгилде эле АКШ Мамлекеттик департаменти жана Пентагондун көрүнүктүү кызматкери Пол Вулфовиц Россия Федерациясынын потенциалдуу негизги коркунучу катары эсептеп, америкалык администрацияны кансыз согушту жеңгенине маарып отуруп калбоого чакырган. Тарыхка көз чаптырган Виктория Никифорованын макаласын РИА Новости жарыялады.
Мындай этият мамиленин себеби жөпжөнөкөй: СССР кыйрагандан кийин чабалдай түшсө да Россия дүйнөдөгү эң ири стратегиялык өзөктүк куралдын корун сактап калган. АКШ сес көрсөтүп же анын мизин кайтара алчу бирден-бир мамлекет болгон. Демек, америкалыктар үчүн Россиянын күчтүү болуп, Вашингтондун таасиринен чыгышына жол бербөө маанилүү эле.
Вулфовиц аларга душмандын жаңы образын жаратып берген. Коммунисттик идея кыйраган соң бул өтө зарыл эле. Вулфовиц "дүйнөнүн АКШ үчүн өтө маанилүү болгон ар бир чөлкөмүндө өз ресурстарын демократиядан тайып көзөмөлдөгөн" өлкөлөрдү АКШнын атаандашы катары саноону сунуштаган. Маңызында бул түшүнүк өлкө өз байлыгын өзү тескеп, Вашингтонду тыңдабастан каалаганына сатып, наркын да өзү өлчөгөнүн туюндурат.
Автор "АКШ үчүн өтө маанилүү мамлекеттердин" катарында дээрлик бүтүндөй дүйнөнү кошкон. Болгону анын тизмесинде Африка менен Антарктида гана жок. Вашингтон жакырчылыктан баш көтөрүп, көз карандысыз саясатын жүргүзгөн ар бир өлкөнү бомбалоого ниет кылганын жаап-жашыруу үчүн Вулфовиц жазган документке бир топ өзгөрүү киргизген.
Оңдоп-түзөгөн соң доктринаны аткарууга киришкен. Вашингтон эл аралык уюмдарды көзөмөлүнө алып, өлкөлөр ортосундагы макулдашууларды улам өрчүтүп, өз эркин бейтарап институттарга таңуулап келген. Маселен, Вулфовиц өзү да бир нече жыл Дүйнөлүк банктын президенти болгон.
АКШ НАТОнун курамына улам жаңы өлкөлөрдү киргизип, алардын калкынын мүдөөсүн да эске алган эмес. Акыры "Украинанын Куралдуу күчтөрүн" да "демократиялык көзөмөлгө" алышты. Көрөгөч Вулфовиц муну 1992-жылы эле талап кылган. Горизонттон атаандашын байкаар замат Бириккен Улуттар Уюмунун, эл аралык уюмдардын пикирине кызыгып да койбостон, бомбалоого ашыккан.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
"Бул куру опуза эмес": дүйнө Путинге кулак түрүп турган кез
11-сентябрдан кийин Вулфовицтин концепциясын кенже Буштун доктринасы ийгиликтүү толуктаган. Анда АКШ өзүнө коркунуч жарата алчу ар бир өлкөгө биринчи болуп сокку ура аларын боолгологон. Алардын түшүнүгүндөгү "коркунуч" аздыр-көптүр өнүккөн ар бир өлкө боло алмак. Эң кооптуусу да ушул.
Кезегинде туруктуу, өнүккөн Ливия, Ирак, Югославия эсиңиздедир. Эми алар кайда? Көз чаптырсак азыр алардын урандысы гана турат. Сирияны да кезегинде америкалык "демократиялаштыруудан" Россиянын кийлигишүүсү гана куткарып калган. Бүгүн да РФ Чыгыш Украинаны сактап калуу далалатында. Вашингтондун бардык чабуулдары негизинен дайым Москвага багытталган.
2000-жылдардын башында Путиндин бийликке келиши менен Россия карама-каршылыктуу маселеге кептелген. Бир жагынан чарбаны жакшыртып, 90-жылдардан кийин өлкөнү калыптандырууга, ыкчамдык менен өнүктүрүүсү шарт, ошол эле учурда Вашингтонго чабал жана байкуш болуп көрүнүшү керек болчу. Качандыр бир Америкага атаандаш боло аларынан сыр бербөөгө тийиш эле. Майда маселелерге макул болуп, компромисске барып, тил табышып отуруп РФ өнүгүп, байып, армиясын заманга бапташтырып, өндүрүшүн өрчүтүп, алдыга жылган.
Вашингтондун жакын желдеттери РФтен да кыйын абалда болгон. Ошол эле Германияны алалы. Экономикада жетишкендиктери мыкты, бирок тышкы саясатта жүүнү бош, качан болсо макул дешке аргасыз. Америкалык атайын кызматтардын германиялык лидерди күнү-түнү тыңдаганын да моюнга алышкан. Европанын эң бардар мамлекетинин өкмөтү булардын баарына эмне үчүн кайыл болгон? Дал ушул, тагыраагы, Американын атаандашы катары көрүнүп калбоо үчүн ушундай абалга моюн сунган.
Акыры немецтер эң негизги артыкчылыгынан — Россия менен кызматташуудан да баш тартууга мажбур болушту. Бирок баары бир Вашингтон Германиянын алардан уруксат албастан боор көтөрүп алганын байкап, алсыратууну чечкен. Азырынча экономикалык ыкмаларды колдонууда. Эгер немецтер аларга моюн толгошсо, күч колдонуудан да айбыгышпайт.
Германиянын аймагында америкалык аскер базалары жетишерлик. Германия эмне болуп калыптыр? Планетанын экономикалык алпы, заманыбыздын эң күчтүү армиясына эгедер Кытай да бул багытта өтө этият эле. Себеби таптакыр эле акылсыз либералдар Вашингтондун атаандаштыкка, демократияга, адам укуктарын коргоого умтулаарына ынанат чыгаар.
Европа парламенитин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2022
Кудум байыркы империя кыйрагандай... Европанын азыркы тагдыры
2014-жылы Россия өз күчүн андан ары жашыра албастыгы айкын болуп калган. Грузияда тынчтык орнотулду. Буга америкалык аскерлер көмөктөшкөн эмес. Крым РФке кошулуп, Донбасс куткарылды. Канчалык бут тосулганына карабай кышкы Олимпиада да өткөрүлдү.
Ошондо эле Вашингтон РФке каршы күч аракеттерге өтүшү жакындап калган. Пандемияга, атайын аскердик операцияга чейин, 2017-жылы эле америкалык аналитиктер "Путиндин демократияга асимметриялык чабуулу" жөнүндөгү доклады чыккан. 2018-жылдын башында аны АКШ сенатынын эл аралык мамилелер комитетинде талкуулашкан.
Россиялык армия ийгиликтүү заманбапташтырылган. Өнөр жайы, жаңы технологиялары өнүгүүдө. РФ жарандарынын турмушу жакшы. Бутуна турган өлкө постсоветтик мейкиндиктеги лидерлигин калыптандырып, Европа жана дүйнөдө өз кызыкчылыктарын коргоодо.
Бирок АКШнын түн уйкусун бузганы – Россиянын башкаларга жаман үлгү болуп жатканы. Эми РФти караган бөлөк өлкөлөр да: "болот тура" деген ойго жетеленет. Өнүгүп, күчтөнүп, өз саясатын жүргүзүп, Вашингтондун тилин албай, ошол эле учурда америкалык ракеталар күлүн сапырууга келбей турганына да ишенип жашоого болот турбайбы деп чыгышат. Бирок бул дүйнөлүк гегемонго альтернатива эмеспи. Андайга кантип жол беришсин?!
Трамптын тушунда да "Путиндин демократияга асимметриялык чабуулуна" каршы чара көрүүгө аракет кылышкан. Бирок Трамп андай чагымчылдыкка жол берген эмес. Бирок Байден бийликке келери менен Америка Россиянын чек арасына жакындай баштады.
Украинаны ачык эле согушка даярдай баштаган. Америкалык чалгындоо кызматы Украина Куралдуу күчтөрү үчүн буталарын аныктап, америкалык инструкторлор пехотаны машыктырып, америкалык куралды колдонууну үйрөтүшөт.
РФтин экономикасын талкалоого тырышышат. Вашингтон өз көзөмөлүндөгү эл аралык институттарды катуу кысымга алууда. Психологиялык маалыматтык чабуул жасап, адамдардын эркин талкалоодо. Стивен Кингдин кайсы бир романында жеңилген азезилдин келишимдүү жүзүндөгү "бет кабы" түшүп, алдынан каардуу желмогуз, адам келбетинин анык кожоюну чыга келет. Азыр дал ошондой көрүнүш болуп жаткандай...
Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Каатчылыкка капталган Батыш: европалыктар Путин жеңди деген пикирде. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0