Каатчылыкка капталган Батыш: европалыктар Путин жеңди деген пикирде. Сереп

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2022
Жазылуу
Суук түшөргө аз калган маалда мындан ары кантип күн кечирүүгө баш катырган европалыктардын саны арбып барат. Митинг, көтөрүлүш, демонстрациялар, каршылык акциялары Европанын ири калааларында улам күч алууда.
Аймактык гезиттер гана тобокелдикке барбаса, европалык маалымат каражаттары акырына дейре бул туурасында чагылдырган да жок. Виктория Никифорова эми жергиликтүү пропагандачылар да коомчулук көтөрүлө баштаганын моюнга алууга аргасыз экенин белгилейт. Серепчинин Европадагы абалдан баян салган макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.
Германиянын Солчул партиясынын лидери, Чыгыш Берлиндин кулуну Мартин Ширдеван "коңур күз катуу болорун" баамдайт. Анын айтканы да тегин жерден эмес өңдөнөт. Анткени нааразылык акцияларынын географиясы да (бул жагы Прагадан Лиссабонго, тигил жагы Лондондон Лейпцигге дейре) жана саясий көп векторлуулугу таң калтырат.
Аянтка оңчул менен солчулдар да, салттуулары жана социалисттери да, либертарианецтер менен анархисттер да чыгууда. Саясий нугуна карабастан алардын баарынын башын кышында жашоо кандай болот деген коркунуч кошуп турат. Коммуналдык кызматтарды кантип төлөө, азык-түлүк жана дары-дармекти кайсы каражатка сатып алуу, маяна өспөй турган болсо рекорддук инфляцияга кантип туруштук берүү керектиги азырынча эч кимге белгисиз. Ишканалар банкротко батып, айлык акы төлөнбөй калган учурда кантип күн кечирүүгө болору дегеле түшүнүксүз.
Коомдун каймактары өжөрлүк менен кайталаган: "Баарына Путин күнөөлүү" деген шылтоо эми таасирсиз. Европалыктар булардын баарына Россияга каршы санкциялар себеп болгонун көрүп-билип турушат. Бул "турмуш наркынын каатчылыгын" жаратып, Европанын жапырт жакырланышы деп аталат. Мындай кырдаал аталган чөлкөмдү он жылдап чыга албай турган депрессияга салышы ыктымал.
Азыркы абал кудум эле АКШнын кезегинде Японияны талкалаганындай. Күн чыгыш өлкөсүн капитализмдин көрсөткүчүнө айлантуу жана ошол убактагы кыйла күчтүү коммунисттерди бийликке жолотпоо үчүн анын экономикасын атайын колдогон. Бирок 80-жылдардын башында Кошмо Штаттардагылар кудуреттүү атаандашты жаратып алышканын аңдашат.
Берлинде полиция кызматкерлери акция учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2022
Германияда массалык түрдө нааразылык акциялары болору болжолдонууда
Ошондо кайра Японияга каршы толук кандуу соода согушун тутантып, тарифтерди жогорулатуу менен "колун толгоп", Plaza макулдашуусуна кол коюуга мажбурлаган. Ошентип күчтүү атаандашты басып, ал эми 1985-жылдан иендин куну түшүп, япониялык экономика жарга кулагандай эле абалда калган.
Европага Вашингтон тарабынан таңууланган антироссиялык санкциялар ошондой эле соода согушунун нак өзү. Бүгүнкү күндө АКШда газ Европага караганда он эсе арзан турат. Бул америкалыктардын турмуш деңгээлин гана жогорулатпастан, алардын өнөр жай өндүрүшүнө эбегейсиз атаандаштык артыкчылыгын берет.
Муну катардагы европалыктар да акырындап түшүнө баштады. Маселен, Австриянын калкынын 40 пайызы Россияга салынган санкцияларды колдобойт. Италиялыктардын 51 пайызы каршы. Ал эми германиялыктардын 80 пайызы Германия өкмөтү Украинага курал жөнөтпөөгө, тескерисинче жаңжалдын тынч чечилишине өбөлгө болушу шарт деген пикирде. Ушундай пикирлер менен Прага жана Лейпцигде, Магдебург жана Софияда он миңдеген европалыктар митингге чыгууда. Албетте, ошол миңдеген калк катышкан акцияларда да жергиликтүү пропаганда "Путиндин колун" таба калып жатышат.
"Путиндин демократияга чабуулу ийгиликтүү болду. Европаны бир карагылачы". Батыштагыларга кулак салсак, Кремль бүтүндөй дүйнөнү тескейт. Кошмо Штаттарда Жозеф Байден орустар америкалык шайлоого кийлигиши мүмкүн деген шылтоо менен өзгөчө кырдаал режимин узартты", — дейт Politico.eu басылмасы.
Европада бензин, электр кубаты жана азык-түлүктүн баасы күн сайын кымбаттап жатат. Эми жарандар нааразылык акцияларына чыгууда. Анан да шайлоо механизмдерин коом каймактары калктан катуу кайтарууга алып келет. Шайлоочулардын лидерлерди алмаштырууга мүмкүнчүлүгү жок. Мисалы, Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок шайлоочулардын эркине карабастан Украинанын кызыкчылыгын коргой турганын ачык эле жар салууда.
Бирок немецтер ошол министрди мындай текебердиги үчүн кызматтан алып, башкасын коё алышпайт. Себеби андай механизмдери жок. Болгон күндө да бийликтин жогорку эшелонуна чыгууга жол жок. Көз карандысыз саясатчы ал жакка чыгышы мүмкүн эмес.
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2022
Шольц Германия Россиядан газ алууну токтотпой турган себебин айтты
Анткен менен азыркы жагдай оңой-олтоң эмес. Биринчиден, соңку 75 жыл ичинде ток, эркелеген Европа мындай катаал кыштын астанасында турган эмес. Ошондуктан келечектеги нааразылыктардын масштабын азырынча болжоп болбойт. Экинчиден, Европада Вашингтондун көрсөтмөлөрүнөн элдин пикирине терең көңүл бөлгөн саясатчылар бар.
Австриялык жергиликтүү жетекчилер бүгүнкү күндө Москва менен тил табышууну талап кылып Венага кызуу кысым көрсөтүп турат. Себеби жер-жерлерде быйыл кышта калктын нааразычылыгына дал ошолор кабылат. Санкцияларды да колдошпойт. "Эч бир нерсе ташка чегилген эмес", — деген ойдо Жогорку Австрия жеринин губернатору Томас Штельцер. Бул саясатчы Австриянын санкцияларга карата мамилесин эгер алар өз турмушуна чоң залал келтире турган болсо, өзгөртүү оң болорун боолголойт.
Ушундай акылгөй аймактык жетекчилер мындай заманда лидерликке мүмкүнчүлүк алышат. Дагы көп нерсе Италиядагы шайлоонун жыйынтыгына жараша болмокчу. Ал жакта адамдар Россияны жактаган партияларды колдоодо. Жоржа Мелони ("Италия боордоштору") 2018-жылы Путиндин президенттикке кайра шайланышын колдогон.
Маттео Сальвини ("Лига", мурдагы "Түндүк Лигасы") Кызыл аянтта Путиндин портрети менен түшкөн сүрөтү бар. Ал эми Сильвио Берлусконини коомго тааныштырып отуруунун кажети жоктур.
Кеп мында да эмес. Башкысы, европалыктар Вашингтон алар үчүн колдоочу да, коргоочу да, капчыгы калың демөөрчү да эмес, кооптуу тарап экенин түшүнө баштаганында.
"Акыркы жылдары демократиялык укуктар бузулуп, фашизмге карай жүрүш башталды", — деп билдирди Берлиндеги митингде социалисттик "Эркин ой жүгүрткөндөр лигасынын" (Freidenker) лидери Клаус Хартманн. Анткен менен ал саясатчы батыш коомунда адатка айлангандай фашизмге Москваны эмес, Вашингтонду айыптады. Германия дээрлик Ак үйдүн желдетине айланып калды деп кейийт. Баары тегиз ушуну түшүнүшү оор жана жай процесс. Бирок башаты байкалбай койбойт. Акырындап европалыктардын баары муну түшүнчүдөй...
Түндүк агым газ түтүгүнүн бөлүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Канада "Түндүк агымдын" калган беш турбинасын Германияга жөнөтмөй болду
Жаңылыктар түрмөгү
0