Кыргыз тилин билүү талабы күчөтүлөт. Садыр Жапаров тил майрамы менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы кыргызстандыктарды мамлекеттик тилге, элге ак кызмат кылууга чакырды.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы эгемендүүлүк жана тил маселеси тагдырлаш, ажырагыс түшүнүктөр экенин белгилеген.
"Кыргыз тили — улуттук иденттүүлүктүн негизи, улуттук наркыбыздын өзөгү, руханий азыктануубуздун булагы. Ата-бабаларыбыз бизге калтырган асыл мурас, келечек муундарга өткөрүп бериле турган ыйык аманат. Бул аманатты аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз! Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай милдет болсо, тилди сактоо, коргоо жана өнүктүрүү дал ошондой болууга тийиш. Тил сүйлөбөсө дил сенек болот. Тил колдонулган учурда гана өнүгөт, өрчүйт. Эгемендүүлүк жылдары мамлекеттик тилибизди өнүктүрүү жаатында көп иштер жасалды, бирок аткарылуучу иштер андан да көп", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал коом кыргыз тилине болгон кайдыгер, ыкшоо мамиледен дагы эле арыла албай жатканын айтып, ач кыйкырык, кур сүрөөн менен алыс баруу мүмкүн эместигин билдирди.
"Өзүбүз үлгү бололу деп азыр тилге олуттуу мамиле жасап, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө олуттуу көңүл буруу башталды. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жат жазуу жазып, мамлекеттик тил боюнча атайын тест тапшырып жатышат. Мындай талап мындан ары да күчөйт, тиешелүү чаралар көрүлө баштайт", — деди президент.
Жапаров мамлекеттик тил улут аралык ынтымакты камсыздаган маанилүү фактор болушу абзел деп эсептейт. Кыргыз тилин этностор аралык баарлашуунун тилине айлантууга жана элдин биримдигин чыңдоого шарт түзүүгө багытталган кадамдар декларациялык мүнөздө стратегиялык документтерде эле калбашы керек.
Соңунда президент кыргызстандыктарды мамлекеттик тилге, элге ак кызмат кылууга чакырды.
ЖК жыйынындагы депутат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2022
Депутаттар аткаминерлердин расмий тилдеги баяндамасын угуудан баш тартты
Жаңылыктар түрмөгү
0