Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Ок тийген мойнун тигип, жарадар жоокерди куткарам деп курман болгон Медетбек

© Sputnik / Игорь Егоров / Медиабанкка өтүүТажикстан кол салган учурда талкаланган унаа
Тажикстан кол салган учурда талкаланган унаа - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Жазылуу
Жарадар болгондон кийин Медетбекке коопсузураак жайга чыгууга буйрук берилгени менен бир нече кишинин өмүрүн сактап, андан соң жарадар жоокерге жардамга жөнөгөн.
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Прапорщик, фельдшер Абдумалик уулу Медетбек Тажикстан кол салган учурда кыргыз-тажик чек арасында баатырдыгын, адамгерчилигин, кажыбаган кайратын көрсөтүп, душмандын огунан курман болду. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
© Фото / пресс-служба Пограничной службы ГКНБПрапорщик, фельдшер Абдумалик уулу Медетбек
Фельдшер погранзаставы Жаны-Жер прапорщик Медетбек Абдумалик уулу погибший - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Прапорщик, фельдшер Абдумалик уулу Медетбек
Сай сөөктү сыздаткан окуя 16-сентябрда Кыргызстандын Баткени каран күнгө кабылып жаткан учурда болгон.
Сыртынан караганда кадимки жоокер, бирок айбаты арстандыкындай Абдумалик уулу Медетбектин көкжалдыгына тан бересиң. Сыймыктана турган эрдик Лейлек районундагы "Жаңы-Жер" чек ара заставасынан анча алыс эмес, чек ара тилкесине жакын "Кыргыз насос " деп аталган жерде болгон.
Прапорщик Абдумалик уулу Медетбек "Жаңы-Жер" чек ара заставасынын фельдшери болуп иштечү. Ал кандуу 16-сентябрда саат тогузда Кыргыз насосто" согушка кирген. Сооттолгон техника менен тажик аскерлери кирип, атышуу башталган. Бул кармашта душмандын огу мойнунун этин жулуп кеткен. Жаракат алган жерин кадимки эле ийне-жип менен тигип алып, Медетбек кайрадан согушка кирген (булар аскерлердин ала жүрчү баштыгында болот). Ага от күйгөн жерден, чек арадан алысыраак позицияга жайгашууга буйрук берилген. Анткен менен фельдшер-жоокер башкаларга алыстоону буйруп, көңүлдү өзүнө буруш үчүн позицияда калган.
...Ага жанаша позицияда жарадар жоокер калганын билген Медетбек жардамга жөнөгөн. Албетте, чек арачыга миномет менен пулеметтон ок жаап, жанынан жарылган мина денесинин жарымын жабырланткан. Бирок жаалы келип, жаагын карыштыра тиштенген чек арачы жарадар куралдашына, ок-дарысы түгөнгөн Нурислам Карыбековго баары бир жеткен. Фельдшер Нурисламды эмне болгон күндө да запастагы позицияга жеткирүүгө бел байлаган. Ок ызылдап учуп, өмүр менен өлүм бет келген бул учурларда сооттолгон техниканы далдоо кылып, жакындап калган тажик аскерлери кыргызстандык арстан жүрөк эки чек арачыга бир нече ирет ок жумшаган. Канга чыланган жоокерлер куралдуу баскынчыларга жооп кылууга дарамети жетмек эмес...
Абдумалик уулу Медетбек менен Нурислам Карыбеков өздөрүнүн баатырдыгы, каармандыгы менен башка куралдаштарын — чек арачыларга жардамга жетип келгендердин кошумча позицияга өтүшүнө жол ачышкан.
Бул эки баатырдын сөөгүн эки күндөн кийин, 18-сентябрда, кыргыз жана тажик тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда курман болгон жерден алып чыгышкан. Себеби кепке келбеген тажик тарап ажал отун чачкан отту токтотуп туруу боюнча сөздү уккан эмес. Касташкан тарап ал жерден беш аскеринин сөөгүн алып кеткен.
Баш ийип таазим кылган бул эрдик кандай жасалганын ошол жерден аман чыккан жоокерлер айтып берди жана медик адистердин докладынын негизинде маалым болду.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
Кыргыз-тажик чек арасында мекен, эл үчүн өмүрүн берген баатырлардын видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0