https://sputnik.kg/20220915/akzhol-mahmudov-zheke-turmushu-tuuraluu-1067872997.html
Акжол Махмудов быйыл үйлөнөбү? Спортчунун жообу
Акжол Махмудов быйыл үйлөнөбү? Спортчунун жообу
Sputnik Кыргызстан
Спортчу жеке турмушуна байланыштуу чечимди жалгыз өзү кабыл ала албай турганын белгилеген. 15.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-15T10:35+0600
2022-09-15T10:35+0600
2022-09-15T10:35+0600
кыргызстан
акжол махмудов
машыктыруучу
үй-бүлө
https://sputnik.kg/img/07e6/09/0f/1067871557_0:125:2400:1475_1920x0_80_0_0_15525bb497e5fe863d6216fbc9b9a644.jpg
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов эгер ата-энеси, машыктыруучулары уруксат берсе, быйыл үйлөнө турганын маалымат жыйын учурунда айтты.Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келип, кыргызстандыктар аларды салтанаттуу тосуп алды. Спортчулар үчүн маалымат жыйын уюштурулуп, алар ЖМК өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришкен.Журналисттердин бири Акжол Махмудовго дүйнө чемпионатында машыктыруучусуна аты жок манжасын көрсөткөнүн айтып, соцтармак колдонуучуларынын "дүйнө чемпиону болду, эми үйлөнөт экен" деген кептерине жооп берип коюусун өтүнгөн.Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Сербияда өткөн мелдеште алтын тагынып, дүйнө чемпиону аталды. Буга чейин ал Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон.
https://sputnik.kg/20210817/olimpiada-kumush-medal-akzhol-atasy-mukhamed-makhmudov-eksklyuziv-videomaek-1053578256.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/0f/1067871557_134:0:2267:1600_1920x0_80_0_0_4fcd62cb2a9cd0e71dfdbcf109d8a707.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акжол махмудов, машыктыруучу, үй-бүлө
кыргызстан, акжол махмудов, машыктыруучу, үй-бүлө
Акжол Махмудов быйыл үйлөнөбү? Спортчунун жообу
Спортчу жеке турмушуна байланыштуу чечимди жалгыз өзү кабыл ала албай турганын белгилеген.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов эгер ата-энеси, машыктыруучулары уруксат берсе, быйыл үйлөнө турганын маалымат жыйын учурунда айтты.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынан кайтып келип, кыргызстандыктар аларды
салтанаттуу тосуп алды. Спортчулар үчүн маалымат жыйын уюштурулуп, алар ЖМК өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришкен.
Журналисттердин бири Акжол Махмудовго дүйнө чемпионатында машыктыруучусуна аты жок манжасын көрсөткөнүн айтып, соцтармак колдонуучуларынын "дүйнө чемпиону болду, эми үйлөнөт экен" деген кептерине жооп берип коюусун өтүнгөн.
"Мурда бул теманы жеке машыктыруучум, ата-энем менен сүйлөшкөм. Алар "эгер дүйнө чемпиону болсоң, сага үйлөнгөнгө уруксат беребиз" деп айтышкан. Жеңишке алардын колдоосу менен жетип жаткандыктан бул чечимди өзүм дароо кабыл ала албайм. Эгер агайларым, үйдөгү ата-энем туура көрсө, быйыл турмуш курсамбы деп ойлоп жатам. Мен дүйнө чемпиону болуп сөзүмө турдум, калганы...", — деп залдагыларды күлдүрдү Махмудов.
Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Сербияда өткөн мелдеште алтын тагынып, дүйнө чемпиону аталды. Буга чейин ал Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон.