Россиялык телеберүүнүн көркүн ачкан кыргызстандык Бегимай. Видео

Жазылуу
Интернетте жылдызы жанган кыргызстандык Бегимай Турусбекова Андрей Малаховдун "Песни от всей души" берүүсүнө катышып, долбоордун толук чыгарылышын "Россия-1" телеканалы жарыялады.
Берүүдө Бегимай Турусбекова чет элдик хитти аткарып, студиянын коноктору менен көрүүчүлөрүн кайдыгер калтырган эмес. Кийинчерээк интернет жылдызынын жашоосу тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. Анда Бегимай Турусбекова туулуп-өскөн жери Казарманга барып, апасы менен тааныштырган. Таланттуу үй-бүлө россиялык конокторду бешбармак менен сыйлаганын көрүүгө болот. Мындан тышкары, кыргызстандык келин долбоордун конокторуна Алла Пугачеванын "Любовь, похожая на сон" чыгармасын аткарып берген.
Бегимай Турусбекованын Бишкектеги "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хит-ырларды аткарган видеосу соцтармакка тарап, заматта жылдызга айланган. Ал буга чейин Күрөңкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынан билим алып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде окуган.
Тема боюнча:
Пайдаланып кетишпесин деп коркуп жатам. Интернет жылдызы Бегимайдын видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0