Бишкектен Пакистанга авиакаттам ачылып, алгачкы учак барып конду

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүСамолет заходит на посадку. Архивное фото
Самолет заходит на посадку. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2022
Жазылуу
Бишкек — Лахор — Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатканы белгиленди.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандан Пакистанга түз аба каттамы ачылып, алгачкы учак барып конду. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандык "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек — Лахор — Бишкек багыты боюнча туруктуу каттам аткара баштады. Алгачкы учак 30-августта барып конгон.
Аталган багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатканы белгиленди. Мындан ары жумасына бир жолу – шейшемби сайын учуп турат.
TEZ JET авиакомпаниясынын учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Бишкектен Жалал-Абадга кошумча авиакаттамдар ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0