Байтиктин Боз-Бөлтөгүн сактайлы! Баатырдын 200 жылдыгындагы Жапаровдун кайрылуусу

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда эгемендүүлүк майрамы менен катар XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Байтик баатырдай инсандарыбыз, эл башкарган мыктыларыбыз миңдеген жылдардан бери кыргызды чачыратпай, душмандарга алдырбай сактап келди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.
"Касиеттүү Чүй өрөөнүбүз соңку 200 жыл аралыгында болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, ордо калаабыз Бишкек жайгашкан ынтымактын, биримдиктин борборуна айланды. Мына ушул ынтымактын үрөнүн өз убагында Байтик баатыр сээп, анын учугун биз улантып жатканыбызга сыймыктанабыз! XIX кылымда Байтик Канай уулунун кыргыз эли, кыргыз жери үчүн ээлеген орду, кылган кызматы өзгөчө экенин жакшы билесиздер", — деди Жапаров.
Ошондой эле президент анын өмүр баянындагы айрым гана урунттуу учурларына токтолду.
"Ал эки доордо жашады. Кокон хандыгынын доорунда ордонун адилетсиз аракеттерин көрдү. Эл башына түшкөн мүшкүлдөргө, эсепсиз чогулткан салыктарга каршы туруп, акыры Пишпек чебинин башчысы Рахматулла бектин көзүн тазалады. Доор добушун даана сезе билген көсөмдүгү жана элдик дипломатияны чебер пайдалана билгендиги менен Байтик баатыр элин бөөдө бүлүнүүдөн сактап калган", — деди мамлекет башчы.
Мындан тышкары, эскерүүдө Байтик баатырдын келечекти көрө билген көсөмдүгү айтылды. Дал ушул сапатынын арты менен ал Ала-Арча суусунун айрылышына чарбакерчилик кылып, элди отурукташтырган. Келечекте өнүгүү шаар менен байланыштуу экенин сезе билген.
Президент Байтик баатыр жөнүндө сөз кылып жатып, азыркы Байтик айылынын жанындагы Боз-Бөлтөк тууралуу дагы кошумчалады.
"Боз-Бөлтөгү – кароол чокусу тууралуу айтпай кетпесек болбос. Байтиктин Боз-Бөлтөгү тегин жер эмес, ал – ата-бабалардан калган, аяр мамилени талап кылган ыйык, тарыхый жер! Ал — кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу улуу тилектер айтылган аруу жер! Керек болсо, мен ал жерди ушул турушу менен тарыхый-маданий мурас деп айтар элем. Тоо боорунун ташы менен шагылына кызыгып, ата-бабалардын изи калган, сөөгү жаткан ыйык жайга карасанатайлык мамиле кылсак, Боз-Бөлтөктү бат эле түздүккө айлантып алабыз. Мындай кадамдан сак бололу! Дагы кайталайм, бул жерди маанилүү тарыхый объект катары сактап калышыбыз керек. Жеке эле Байтиктин кароол чокусу катары эмес, айланасындагы жаратылышты, кызыл китепке кирген өсүмдүктөрдү дагы коргошубуз керек", — деди Жапаров.
Сөзүнүн соңунда тарыхый инсандын 200 жылдык мааракеси Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келген айтылуу Байтик баатырдын өмүр жолу аркылуу ата-бабаларыбыз көз карандысыздыкка жеткенин кийинки муундарга сактап, өткөрүп берүү керектигин айтты.
Байтик баатыр. Наследие - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2022
Байтик баатыр. XIX кылымдагы дипломат жана кол башчы
Жаңылыктар түрмөгү
0