Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Касымбеков Бейшеналиев жапкан окуу жайлар эмнеге кайрадан иштеп жатканын айтты

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүМедициналык окуу жайдын студенттери. Архив
Медициналык окуу жайдын студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
Жазылуу
Окуу жайлар соттон утуп чыгып, финансылык чыгымга учурап жатканы тууралуу министрликке доомат коё баштаган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык колледждерди жаап, жеке менчик жогорку окуу жайлардын №6 формасын артка чакыртып алуу тууралуу чыгарган буйругу мыйзамсыз болгон. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда "Саламаттык сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиевдин кайсы чечимдерин кайра карап чыгат" аталышындагы брифингге катышкан.
© Sputnik / Асель СыдыковаИсполняющий обязанности министра здравоохранения Жаркынбек Касымбеков
Исполняющий обязанности министра здравоохранения Жаркынбек Касымбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2022
"Бейшеналиев медициналык окуу жайларды жапканы тууралуу катуу билдирүү жасаган. Бирок иш жүзүндө ал жапкан эмес, артка чакыртууга мүмкүн болбогон лицензиянын №6 формасын жокко чыгарган. Анан окуу жайлар чекеден сотко берип, утуп чыгып жатты. Алар финансылык мүмкүнчүлүктөн кол жууп жатканы тууралуу конкреттүү дооматтарын коюшту. Себеби абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясы башталган учурга туш келген", — деди Касымбеков.
Мындан улам ал ыкчам түрдө комиссия түзүп, жалпы бир чечимге келишкенин белгиледи. Натыйжада Бейшеналиевдин эки буйругу жокко чыгарылган. Учурда медициналык жогорку окуу жайлар кабыл алуу кампаниясын тоскоолдуксуз жүргүзүүдө.
Касымбеков бул менчик окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатына көзөмөл экинчи планга коюлуп калганын түшүндүрбөй турганын эскертти.
"Биз лицензия боюнча укуктук-ченемдик актыларга инвентаризация жүргүздүк. Аны министрлер кабинетине киргизип, ошол жол менен катуу көзөмөлдөйбүз. Алгач иретке келтирип, ыйгарым укуктарды колго алып, анан кандайдыр бир санкцияларды киргизүү керек. Мамлекеттик үлгүдөгү диплом берип жаткан окуу жайлар эл аралык стандарттарга дал келиши шарт. Эгер аны сактабаса, иштөө укугунан ажыратылат. Эми баары мыйзам чегинде болот", — деди министрдин милдетин аткаруучу.
Касымбеков Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн медициналык билим берүү боюнча экспорттук потенциалын кыйратпай, жаратмандык жолу менен кетиши керек деп эсептейт.
Сабаты төмөн. Убактылуу министр медиктерге акча берген элге кине койду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.07.2022
Сабаты төмөн. Убактылуу министр медиктерге акча берген элге кине койду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0