Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Осмонов: энергетикалык суусундуктар жүрөк аритмиясын шарттайт

© Sputnik / Асель СыдыковаСаламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов. Архивдик сүрөт
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2022
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов аритмиянын себептерин тизмектеп берди.
Инфекциялык оорулар (ангина, грипп) өтүшүп кетип жүрөккө терс таасир бергенден улам тубаса жүрөк дарттары, жүрөктүн ишемиялык оорулары (инфаркт, стенокардия) өмүргө коркунуч туудурган аритмияга алып келүүсү мүмкүн. Андан тышкары, стресс, чарчоо, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, калкан сымал бездин оорулары, организмдеги калий, натрий, кальцийдин балансынын бузулушу, кан басымдын жогорулашы жана дары-дармекти белгиленген өлчөмүнөн көп ичүү да аритмияны шарттайт. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Осмонов: энергетикалык суусундуктар жүрөк аритмиясын шарттайт
Анын айтымында, аритмияда жүрөк жай, бат-баттан же башаламан согот, баш айланат, көз караңгылайт же эс-учун жоготот, демигет, тамагына бир нерсе туруп калгандай болушу мүмкүн жана жүрөк токтоп өлүп калышы ыктымал.
"Аритмия — бул жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу менен мүнөздөлгөн оору. Мындайча айтканда, жүрөктүн жыйрылып согуусуна жеткирүүчү импульстун пайда болушунун же анын таркашынын бузулуусунан улам жүрөктүн тездеп, жайлап же башаламан согуп калуусу. Аритмияда өз убагында текшерилип жана дарыланбаса мээнин инсультуна, жүрөктүн өнөкөт алсыздыгына же өлүмгө чалдыгуу толук мүмкүн. Мунун бир нече түрү бар. Алсак, брадикардияда жүрөк жай согуп калат. Тахикардия – жүрөктүн бат-баттан согушу, ал эми пароксизмалдуу тахикардия – жүрөк бир учурда себепсиз эле тездеп кагып жана бир учурда токтоп калат. Экстрасистолиялык аритмияда жүрөк булкуп согот. Сасык тумоо же ангина менен көп ооруган балдар жана чоңдор сөзсүз түрдө жүрөгүн текшертип коюшу керек. Анткени бул оорулар анын ишине олуттуу таасирин тийгизип, аритмияга, ал тургай клапандардын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Эс алуу режимин сактоо өзгөчө маанилүү. Мисалы, таксист, жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана түн ичинде иштеген башка адистерде аритмия көп кездешет. Адамдар уктап калбоо үчүн сергиткен ар кандай энергетикалык суусундуктарды колдонушу өзгөчө коркунучтуу", — деди Осмонов.
Ал аритмияны алдын алуу үчүн адам тамырын кармап жүрөгүнүн согуу ыргагын текшерип, калыптагыдай какпаса кардиологго текшерилип, дарылануу зарыл экенин, ошондой эле сергек жашоо образын карманып, чарчаса эс алышы керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0