Казыбек казалчынын акталышын майрамдаган Ат-Башы. Босогодогу тойдун сүрөттөрү
Казыбек казалчынын акталышын майрамдаган Ат-Башы. Босогодогу тойдун сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда, ажайып жаратылышта акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде салтанаттуу белгиленди. 08.08.2022, Sputnik Кыргызстан
Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери катышып, театрлаштырылган оюн-зоок коюлуп, улуттук оюндар ойнотулуп, жарманке уюштурулду.Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн майрам кандай өткөнүн көрүңүз.Тема боюнча:
Жайлоого атайын сахна коюлуп, анда Казыбек казалчынын кыска өмүрүн баяндаган театрлаштырылган оюн-зоок коюлду. Белгилей кетсек, Казыбек казалчынын чыгармалары совет доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп.
Экинчи өмүрү башталган Казыбек казалчынын 120 жылдык мааракесине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев жана башка аткаминерлер катышты
Сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталды. Ошондой эле 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылып, казалчынын чыгармалары камтылган китеп жарык көрдү.