Манастын Ала-Тоо жерин көздөй көчүшү. Улуу баяндан жети факт

© Sputnik / Александр ФедоровЫсык-Көл облусунда “Манас ааламы” тасмасынын тартылышы. Архив
Ысык-Көл облусунда “Манас ааламы” тасмасынын тартылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
Өткөндө баатырларга тартууланган кыздар, Манастын Акунбешим менен Панус канды жеңиши тууралуу кеп салганбыз. Эми айкөлдүн элине кеп салышы, кеңешкенден кийин Ала-Тоону көздөй көчүшү тууралуу сөз болот.
Манастын калкына кайрылышы. Чүйдөгү Акунбешим канды, Ташкендеги Панус канды жеңип, Алтайдан Ала-Тоого чейин бийлик орнотушу, согушта жүрүп Каркыра менен Кер-Көлдүн, Кең Чүй менен Таластын керемет жерлерине суктанышы Манасты тынч жаткырбай кайра дээликтирди, кайра мурдагыдан беш эсе күч оолуктурду. Атамдан калган Анжиянды акыры издеп табамын, ал жерди ээлеп жаткан Алооке канды кандай болсо да чабамын деген ой уйкусун бузду. Ташкенден Алтайга чейин аалам жердин жарымын кыдырып барган айкөлдүн кабагы ачылбай түнөргөндөн түнөрөт. Үч күн катары менен жалаң кылычын таянып "чыканак жерге салбады, чырым этип уйку албады". Баатырдын бул турушун көргөндөр жанына жакын барбады, не болду баатыр деп бир суроо бергенге даай албады. Кырк жигит эмес, атасы да, Бакай абасы да баатырдын башын көтөртүүгө жарабады. Бир жумада бүт элин ордосуна жыйнады, жакшы менен жамандан, алыс менен жакындан келбеген жан калбады. Ар уруудан, ар элден алтымыш аксакал баш болуп алдында отурду. Межилисте Манас өзү сөз алды, көзүнө жалын-от алды, ичтеги түйүлүп жаткан көк түтүнүн сыртты көздөй айдады: атадан калган жерим эле Испара менен Алайым, алдырып коюп кытайга мен эми кантип жатып калайын, туулмак бар, өлмөк бар, алда берген аманат, ажал келсе бермек бар, айланайын, кишендеги калкым, кишениңди тыт, аягыңды кишенден чыгар, бизге кошулуп жерибизди азат кылууга кел, оолугуп турам бул кезде, башы Жылдыз, Каркыра, этеги Кокон, Анжиян – атадан калган жеримди ээлерине алып берүүгө. Анжиянга барууга бизге уруксат бериңер, калганың калгын буякка, каалаганың биз менен көчкө кошулуп Ала-Тоого барыңар. Ушуну айтып Эр Манас көпчүлүктү карап турду тунжурап...
Ажыраш аяк. Баатырдын сөзүн бири колдосо, бири колдободу. Сөз алдын кыпчактын чечен Тазы алды, ал уулу Үрбү балбан Кемин шаанын Ойсалкын деген кызын алганын, эми ошол жакты эле дегдеп калганын айтса, Эр Үрбү Ала-Тоо көздөй көчүүгө даяр экенин айтты. Айдаркан уулу эр Көкчө барар жакты ээлесек элибиз да, жерибиз да кеңейет, ал тарапты мен көрүп келдим, Жети-Суу жердин соорусу, атынын жеми күрүчтөн, Ала-Тоо жери Алтайдан кем эмес, мен эң алдын, эл калса да, мен барамын дейт. Карыялар Үрбү менен Көкчө көчпөгөндө не кылат, ал жактан катын алышты, а Манастын ал жакта кайыны жок деп каткырып күлүп калышты. Ошентип ары кетти, бери кетти, аны айтты, муну айтты, "эртеден кечке кеп болду, башаламан сөз сүйлөп, баары жаман ач болду". Айкөл Манас мунун жайын ойлоп, сегиз жүз кой, сексен бээ сойдуруп койгон экен, келгендер кымыз менен этке тоюшту, аксакалмын дегендерге жал менен жая тарттырды. Эртеси нанүштөгө ар түрдүү тамак алып келишти, ошол жерде ата уулунун баарына аземдүү тон беришти. Аксакалдардын ар биринин алдына ат тартылды, топ башына жорго берилди. Ажыраш аяк деп ар бир конокко бирден куржун мойнуна илинди. Келгендер эми Алтайдан Ала-Тоого кетер-кетпесин үйүнө барганда жоомарт Манастан берилген соогаларга карап чечмек болушту.
Манас эпосуна арналган спектакль. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2022
Жоо айласын кетирген Манас, Көкчө менен Үрбүгө тартууланган кыздар. Кезектеги баян
Көчкө даярдык. Ажыраш аяк берилип, той тарады, келгендер самсып журт-журтуна жол тартты. Манас башкача болуп өзү менен өзү калды. Дароо эле "алтын ооз кернейди арылдата тарттырды, алтын доол кактырды, алты кежим абайы, аргымакка жаптырды, алты жүз экен атаны, ак ордо үйүн арттырды". Жыранты менен Аңыртыга жылкы жаныбар жык толду, ата журтуна баратканын сезгендей азоолор ойдолоктойт, айгырлар кишенейт. Көчкө бата суралат. Сан миңдеген адам жүзүнө алаканын тартат. Коңгуроолуу кара нарлар жүгү менен козголо бергенде көчтүн шааниси билинип, элдин баары көчкө кошулду. Аксакалдар эски журт менен кайырлашып кыя албай турду. Ак элечек энелер, ак сакалдуу аталар, чачпактары чайпалган жеңелер, көч жандаган жигиттер Алтайдан аземдүү сулуу чоюлуп козголо берди. Көч түзөлүп каркыралардай кыркар тартып жолго түштү. Ошондо көч эсебин санашса алтымыш миң үйлүү экен. Көч башында айбат болуп, кайрат болуп кан Манас өзү барат, артынан эле туу кармаган алтаны Кутубий барат, анан аксакалдар жүрөт. Эренче тон кийген, Эр Манаска тосмо бел болгон кырк жигит барат. Желбеген жоргодо чайпалып, баатырды төрөгөн эне бүт көчтүн энеси сымал Чыйырды апа барат, анан катындар менен келиндер. Буларды коштой коңгуроолуу кара нардын жолунан чыкпай калы килем менен шөкөттөлгөн кан өргөөсү таңылган алты жүз атан төө. Алды жактан улам чалгын чалып, жер оңутун байкап, бирде көчкө кошулуп, бирде көчтөн узап, кийинки өргүш конушту тандап Бакай баштаган топ барат. Ашууларга беш-алты миңден аскер каз-катардан этияты-шартка коюлду. Жолду катар жолуккан айылдар көчтө бараткандарга ак сунуп, нан сунуп ат үстүнөн даам таттырып "улоо бели бек болсун" айтып узатып калат.
Манас баштаган көчтүн жолу. Кыргыздын салты менен жылкы айдагандардын баарына кубат болор казы менен чучук берди, жанына чайнап жүрсүн деп казы салып койду. Көчтү чөлгө салбай, чөөлүктүрүп албай кыр жакалай, тоо аралай Жылдыз деген жерди беттеди. Андан сырттай Турпан, Кер-Көл арасын тууралап салмакты акылдашты. Жылкычыларга Саламат менен Ыйман башчы болду, эл менен жаны бир жаныбарларды чаалыктырбай, чарчатпай, түгөл алып баруу милдети коюлду аларга. Көчтөн бөлүнүп калган түмөндөгөн жылкы артынан калбай, алардан калса оо дүйнө кетер кейиптенип Бай Жакып жылкы ичинде барат, алардын амандыгын гана каалап. Өзү эле мал артынан түшпөй Жакып кичи уулу Абыкени жанына кошо алды, анысы да мал жандуу чыкты.
Көкчө баштаган көчтүн жолу. Алтайдан көчүн айдап чыккан Айдаркан уулу Көкчө башка жолго салды. Ал Улуу тоонун оюнан, Оркун дайра боюнан башат алды. Көкчө баатыр жүгүн алтымыш атанга арттырды, көчү борумдуу болсун деп жүгүнө ыспаны килем жаптырды. Анын жүгү Тарбагатай менен күн жүрүш кылып, Жылдыз көздөп, анан Каркыра менен Текестин жери кайда деп жөнөдү. Жүрүп-жүрүп кыр менен, бөөт-бөөт бел менен акыры кан Айдаркан каптап келип жыгылды Каркырага таяна.
Үрбүнүн көчү. Кыпчактардын Үрбүсү сан кыпчакты көчкө салып, сапырылып куюндай, Тур-Көлдөн өтүп, Бар-Көлгө келип, Жети-Суу боюн сыдырып, Жылдызга келип, Акыяс башы бел менен кыйла күн жүрүп касиеттүү Кер-Көлгө келди, көлдү бойлой жүрүшүп этек жагы Көтмалдагы келип, Чүйдүн башын таянып алар да көч жолун бууду.
Манастын көчүнүн сегиз ай жатып калганы. Маңгул менен калмактан да Манас жакка өткөндөр көп болуптур. Алардан жолдо көчкө кошулгандары да эсепке жетпей кетиптир. Көчтүн бир бөлүгү Жылдызды ашыптыр, Манас баштаган арбын бөлүгү Куу-Тезди, Бурбай менен Муз-Белди ашып, Марал-Башы, Долон, Аксы, Шая менен Жай-Көлгө келип, Какшаал тоосун таянып сегиз ай өргүп калат. Жол жүрүп көч чарчады, сергип жатсын, аттар жүрө албай калды, эттенип бир аз семирсин деди. Алдыда Анжиян, анын ээси эзелки душман Алооке менен уруш турат, ошого даярдыкты башташты Какшаалдын кара тоосунун алдында...
Манас эпосунун чыгарылыштары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Манастын Акунбешим менен Панус канды жеңиши. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0