Казыбек казалчынын 94 жыл катылуу турган сүрөтү табылды

© Фото / Сапар ОсмоналиевКазыбек казалчы
Казыбек казалчы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталган сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
© Фото / предоставлено Токтобеком АсаналиевымАкын Казыбек Мамбетимин уулу
Акын Казыбек Мамбетимин уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Бул — ырлары Теңир-Тоодо гана эмес, Кытайдын Шыңжан-Уйгур автономдуу районунун аймагында да ырдалып жүргөн акын Казыбек Мамбетимин уулу. Тарыхый табылга! Сүрөт казалчынын Оренбургда сүргүндө жүргөн кезинде тартылган.
Белгилей кетсек, сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда, Жогорку сот тарабынан акталды. Өлкөдө анын эмгектерин, ырларын жайылтуу иштери башталып, 5-6-августта Ат-Башы районунун Босого жайлоосунда акындын 120 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленгени турат.
Казыбек акынды актоо демилгесин көтөрүп, буга чейин жарыялана элек ырларын жыйнап, обондорун нотага түшүрүп жаткан КР эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев сүрөттү кантип тапканын айтып берди.
"Казыбек Мамбетимин уулунун тагдыры көптөн бери көңүлүмдү түпөйүл кылып жүргөн. Кудайга шүгүр, бир топ аракеттен кийин акталды. Анан буга чейин көп жарыялана элек ырларын, казалдарын чогултуп, китеп чыгарууга белсендик. Ушул китепти өзүнүн сүрөтү менен чыкса деген тилегим бар эле. Негизи бир нерсени чын пейилден көксөсөң ишке ашат экен, эптешип отуруп, айтор, жолубуз болду окшойт. Айтылуу Боогачы акын атабыздын Ийгилик деген уулу болгон. Ийгиликтин кызы Батма апабыздын Абыл деген баласы бар. Сүрөттү ушул Кудайбергенов Абыл Жумакадыр уулу берди. Абыл экөөбүздү педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов тааныштырды, сүрөттүн кабарын алгач ушу киши уккан. Казыбек акын Кытайга Абдылда Жаанбаев деген киши менен чогуу качкан. Тарткылыктын айынан кичүү аялы Ажар апа да түрмөдө 20 жыл отуруп келген экен. Абактан бошонуп келгенден кийин Ат-Башынын Пограничник (мурунку аталышы) айылына келип туруп калыптыр. Ажар апа Батма апа менен чай ичишип, сырдашкан адамдар экен. Бир күнү ошол чай үстүндө Батма апа чоң атасы Боогачы тууралуу айтып келип эки киши түшкөн сүрөттү көрсөтүптүр. Анан Ажар апа сүрөттөгү Боогачынын жанындагы адамды көрүп "ии, Күчүктүн уулу турбайбы" деди дейт. Ал кезде казалдары тургай Казыбектин атын атоо өтө кооптуу болуп турган убак эле да. Абылдын айтымында, Ажар апанын ушул айтканы эсинде сакталып калыптыр, анткени Күчүк деген да кишинин аты болобу деп абдан таң калган экен. Казыбек казалчынын атасы Мамбетиминдин азан чакырып койгон аты Күчүк, ысымын кийин которгон, Казыбек болсо атадан жалгыз уул, Кадый аттуу карындашы болгон. 94 жыл катылып жатты бул сүрөт. Таберик акыры колума тийди, эскирип калган экен, сүрөтчү Сапар Осмоналиев агабыз кайра жаңыртып калыбына келтирип берди. Казыбек казалчы тууралуу, анын ырлары тууралуу айтыла турган сөз, жасала турган иш эми алдыда", — деди Асаналиев.
Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп.
Тема боюнча:
Токтобек Асаналиев: Казыбек казалчы акталып, экинчи өмүрү башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0