Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиялык "Опустошитель" америкалык "Барреттердин" катыгын берүүдө. Сереп

© Фото / Lobaev ArmsDXL-5 "Опустошитель" снайпердик винтовкасы. Архив
DXL-5 Опустошитель снайпердик винтовкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Россия дүйнөнүн мыкты ракета, учак жана субмариналарын чыгаруу менен гана чектелбейт. 12,7 мм калибрдеги DXL-5 "Опустошитель" жаңы снайпердик винтовкасы өз тибинде ыраактыгы жана таамайлыгы боюнча дүйнөлүк рекорд коюуга олуттуу технологиялык мүмкүнчүлүгү бар.
Украинадагы атайын операцияда союздук күчтөр дал ушул россиялык жаңы снайпердик куралды пайдаланып жатканын маалымдайт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул ирет серепчи 12,7 мм калибрдеги DXL-5 "Опустошитель" винтовкасын сыпаттаган.
Өндүрүшчү Lobaev Arms ишканасынын өкүлүнүн айтымында, курал так-таамайлыгы менен айырмаланат (https://ria.ru/20220805/opustoshitel-1807383300.html). Маселен, "Опустошитель" чет өлкөлүк адистер арасында технологиялык ориентир катары саналган америкалык Barret винтовкаларынан да таамайлыгы төрт эсе жогору. Тактыгы боюнча россиялык "Опустошителдин" жаа мүнөтү (бурчтук мүнөтү) – 0,5, ал эми Barret винтовкасынын бул көрсөткүчү – 2 мүнөт.
DXL-5 винтовкасынын таамайлыгы жана алыс аралыкты багындырышы америкалык ушундай курал көтөргөн Украина Куралдуу күчтөрүнүн көзгө атарлар бөлүгүнүн шайын кыйла эле оодарууда. Киевге 12,7 мм калибрдеги Barrett M107A1 винтовкасынын биринчи партиясын 41,5 млн долларга сатууга 2017-жылы АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы уруксат берген.
Россиялык "Опустошителдин" модулдук конструкциясы (алмаштыруучу стволдору) бар. Россиялык армия үчүн жаңы партиялар 12,7х108 мм патрон менен чыгарылууда. Мурда мындай куралга натолук куралдыкындай 12,7х99 мм огу менен РФтин чет өлкөлүк өнөктөштөрү жана жеке аскердик компаниялар гана буюртма беришчү.
Ири калибрдүү россиялык винтовканын технологиялык ийгилиги тегин жерден эмес. Негизи РФте мындай куралды иштеп чыгуу Батышка караганда кечирээк башталган. Анткен менен россиялык курал жасоочулар батыш аналогдорунан ашып түшкөн бир катар үлгүлөрдү жарата алышты.
Багындырчу аралыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы саптагы табылга ошол эле россиялык Lobaev Arms ишканасына таандык СВЛК-14С "Сумрак" винтовкасы. Ал 10,36х77 мм патрондору менен бутасын 4210 м аралыктан жабырката алат.
Батышта бул багыттагы дурус көрсөткүч америкалыктарга таандык, тагыраагы, 4157 метрди түзөт. Ал эми эң алыс аралыктан бутасына таамай тийген учур 2017-жылы катталган McMillan TAC-50 (патрон – 12,7х99 мм) америкалык винтовкасы менен ошол жылдын июнунда канадалык көзгө атар 3540 м аралыктан Ирактагы исламчы согушкерди жок кылган.
Танктарды коштоочу Терминатор аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасстагы жагдай: үч калаадагы украиналык "чептер" кыйрады
Ири калибрдүү Barret снайпердик винтовкасы 1982-жылы мурдагы полиция кызматкери жана дасыккан фотограф Ронни Барреттин короосунда жаралган. Беш жылдан соң патент алат. Бирок чакан сериялык өндүрүштөн майнап чыккан эмес.
Barret M82A1 винтовкасынын жылдызы 1990-жылы жанган. Ошол кезде Перси булуңундагы согуш үчүн АКШ армиясы мындай куралдан кыйла көп сатып алганы маалым.
Узундугу бир жарым метрлик Barrett M107A1 винтовкасынын огу Browning М2 ири калибрдүү пулемётунуку, тагыраагы, 12,7×99 мм 10 патрондук эки катар магазини бар. Кишини гана тургай, ок өткөрбөс жеңил техниканы, конуп турган учак жана тик учактарды, радиолокаторду жабырката алгандыктан "антиматериалдык" деп да мүнөздөлөт. Жарнамаларына ынансак, көзгө атар 10 секунд ичинде мээлеп ок атат.
Barrett M107A1 менен дүйнөнүн 40 өлкөсү, анын ичинде Бельгия, Улуу Британия, Германия, Греция, Дания, Чили, Финляндия, Франция, Израиль, Италия, Мексика, Нидерланд, Норвегия, Португалия, Испания, Швеция, Түркия куралданган.
Багындырчу аралыгы боюнча аталган америкалык куралдын россиялык аналогу (1800 м) 12,7 мм калибрдеги ОСВ-96 "Взломщик" менен РФ Федералдык коопсуздук кызматынын атайын багыттагы бөлүгү жана башка күч түзүмдөрү куралданган. Ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Египет, Индия, Иран, Казакстан жана Кыргызстанга экспорттолот. Ал эми Вьетнамда ОСВ-96 лицензиялык өндүрүшү 2018-жылы башталган.
2300 метрлик аралыктан мээлөөчү акыркы үлгүдөгү "Опустошитель" РФ атайын аскердик операция талаасында да, дүйнөлүк курал рыногунда да ийгиликтерин дагы далай тыңдайбыз.
Адистер үчүн кошумча, бирок маанилүү маалыматты да бербей кетпесек болбос. "Опустошитель" бутасын кыйла ыраак аралыктан жабыркатса да, патронсуз Barrett M107A1дей эле 13 кг салмакта.
Согуш талаасында снайпердик иш куралдын багындырчу аралыгы улам "узарган" сайын технологиялык жактан дайым өрчүп турууну талап кылат. 12,7 мм калибрдеги DXL-5 "Опустошитель" жана 10,36 мм калибрдеги СВЛК-14С "Сумрак", ошондой эле жакында эле сыноодон өткөн 12,7 мм калибрдеги ORSIS винтовкалары жана алардын аскердик мүнөздөмөлөрү россиялык куралчылардын туура багытта өнүгүп жатканын айгинелейт.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар
Вепрь атомдук субмаринасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Дүйнөлүк океандагы артыкчылык: "Лошариктин" сырлары
Жаңылыктар түрмөгү
0