Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Донбасстагы жагдай: үч калаадагы украиналык "чептер" кыйрады

© Sputnik / Виктор АнтонюкТанктарды коштоочу "Терминатор" аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив
Танктарды коштоочу Терминатор аскердик унаасы Харьков облусунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Авдеев районунун талкаланышы, Марьинка жана Пески калааларына коюлган чабуул, Донбасстагы бардык фронттордо союздук күчтөрдүн активдүү чабуулдук аракеттери киевдик режимди "Херсон үчүн кармашты" унутууга аргасыз кылат.
Ошондой эле Россия Куралдуу күчтөрүнүн атайын аскердик операциясынын пландарынан тайбай жамааттык Батышты Украинаны демилитаризация жана денацификациялоонун катаал реалдуулугуна кайтарарын айтат аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Автордун кезектеги макаласы да Донбасстагы жагдайга арналган.
Донбасстагы союздук күчтөрдүн чабуулдук операциясы ийгиликтүү өнүгүүдө. Топтоштурулган артиллериялык жана абадан дароо бир нече линияга сокку уруу тактикасы душмандын шайын таптакыр оодарып, ок жаадырууда он эсе артыкчылык баш көтөртпөйт. Танктарды коштоочу "Терминатор" аскердик унаалары менен танк бөлүктөрүнүн чабуулдары Артемовск жана Соледар райондорундагы топторго чоң мүмкүнчүлүк түзүп, шаардык курулуштарда да салгылаш тынымсыз жүрүүдө.
Улутчулдар басып алган жылдары Донецкини аткылоо үчүн коргонуучу район жана негизги артиллериялык жайга айланган Пески калктуу конушунун жарымы бошотулду. Авдеев кокс-химиялык заводунун аймагында Украина тараптын аскердик-инженердик курулуштары талкаланып, Марьинкадагы коргонуу сепилдери да бузулду.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн сегиз жыл ичинде курулган 30 чакырымдык Марьинка – Пески – Авдеевка бетондук чеби кыйроодо. Дароо бир нече багыттан курчалып, анда 70 миңге чейинки украиналык жоокер жана чет өлкөлүк жалданма аскер калышы мүмкүн.
Украиналык аскердик бөлүктөрү эбегейсиз жоготууларга учурап, арасынан качкандар жана туткунга түшкөндөрдүн саны арбып барат. 4-августта Россия Аба-космостук күчтөрүнүн таамай куралынан сокку урулду. Натыйжада Донецкиден түндүккө карай 50 чакырымдык аралыктагы Константиновка калаасынын четиндеги Украина Куралдуу күчтөрүнүн 95-десанттык-чабуулчу бригадасынын 400 аскери жана 20 техника бирдиги жок кылынды.
Киевдик режим Пески менен Авдеевкага резервдеги аскерлердин улам жаңы түзүмдөрүн жөнөтүүдө. Анткен менен үч суткада эле жаңыдан аскерге тартылган 600 адам россиялык күчтөрдүн соккусуна кабылып, 80и гана белгиленген районго жетти. Кыязы Зеленский украиналык мобилдик ресурстардын жапырт жок кылынышына кызыкдар, ал эми бул АКШнын кызыкчылыктары жана пландарына шайкеш келет көрүнөт. Ошол себептен Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы адамдарды коргобой, ээн калган, талкаланган шаар жана кыштактарга алып барууда. Алар контрчабуул коюуга да тырышпай, Донецкини аткылап, ачуусун жайкын адамдардан чыгарууда.
НАТОнун аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
НАТО Сербиядагы атайын операциясын сентябрга жылдырды. Сереп

Батыш жардамга кол сунбайт

Америкалыктар украиналык "шакирттеринин" аракеттерине тыкыр көз салып, россиялык күчтөр дээрлик жоготуусуз каршылашын Донбасстан сүрүп чыгып жатканын моюнга алууга аргасыз.
Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочуларынын докладында Артемов жана Славянск багыттарындагы союздук күчтөрдүн ийгилиги тууралуу да камтылган. Бардык фронттордогу украиналык таяныч пункттар жок кылынууда.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн көйгөйү Донбасстын батышында бекем позициясы жок, ошондуктан фронт кыйрап жатканында. Ошондой эле Харьков, Запорожье, Криворожье, Николаев багыттарында да абалы туруксуз. Россиялык күчтөр Украинанын бардык аймагындагы аскердик объектилерге күнү-түнү ракеталык сокку урууда. 3-августта Львов облусунун Радехов шаарындагы алыс аралыкты багындырчу таамай ракеталар менен Польшадан келген курал жана ок-дары сакталган база талкаланды. Аталган район Польша менен Украинанын чек арасынан 45 чакырым гана ыраак.
Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Павел Яблонский Polsat News телеканалындагы эфирде ачуулануу менен ракеталардын бири Польшанын чек арасынан 15 чакырым гана аралыктагы жерге капыстан түшпөгөнүн билдирди. Айтымында, ошол күнү Украинада польшалык дипломатия башчысы Збигнев Рау иш сапары менен жүргөн.
Варшава муну Москванын катуу эскертүүсүндөй кабыл алды. Россиянын позициясы Батыштагылардын көпчүлүгүнө канаттуу жана гиперүндүү ракеталар менен гана жетет окшобойбу. Дүйнөлүк аренадагы күчтөрдүн жаңыдан бөлүштүрүлүшүн алардын кабыл алгысы жок.
Кандай болгон күндө да киевдик режимге Батыштагы өнөктөштөрүнөн жардам алуу улам кыйындап барат. Мисалы, Германия Украинага өзү жүрүүчү 100 даана Panzehaubitze 2000 артиллериялык түзүлүштөрүн эбак эле убада кылган. Ал эми бүгүн айтылуу Amnesty International укук коргоочу уюму бүгүн Украинаны "калктуу конуштарга, анын ичинде мектеп жана ооруканага" аскердик позициялардын түзүлүштөрүн жайгаштырып, эл аралык жана аскердик укукту бузуп жатканына айыптап чыкты.
"Жапырт коргонуунун" бул форматы мыйзам чыгаруу деңгээлинде Жогорку раданын добуш берүүсү менен кабыл алынганын эске сала кетели. "Тактиканы" тандоодо Пентагондун адистери жана америкалык Улуттук гвардиянын адистери кеңешчи болушкан.
РФ Коргоо министрлиги америкалык HIMARS залптык октун реактивдүү тутумдарынан Донбасска урулган соккулар жана Украинадагы аскердик кылмыштар үчүн Байдендин администрациясынын жана жеке Зеленскийдин түз жоопкерчилиги жөнүндө ачык билдирген.
Жамааттык Батыш улутчул киевдик режимге эми көмөктөшпөйт. Америкалык Newsweek жумалыгы АКШ Россия менен күрөштө Европанын жардамына үмүт арта албастыгын азыртан эле жазууда. Себеби олку-солкулуктар толтура. Бирок россиялык атайын операция башталгандан бери беш ай эле өтпөдүбү. Анан да али суук түшө элек. Ал эми жамааттык Чыгыштын жаңы, адилеттүү дүйнө тартиби үчүн күрөшкө акырындап камынып жатканын айтпай эле коёлу.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram- каналына жазылыңыздар.
Энергодардагы Запорожье АЭСиндеги муздатуучу бассейн агрегаттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Украинанын өзөктүк объектилеринде чагымчылык болушу ыктымал
Жаңылыктар түрмөгү
0