Дүйнөлүк океандагы артыкчылык: "Лошариктин" сырлары

© Фото / пресс-служба Минобороны РФ / Медиабанкка өтүү"Вепрь" атомдук субмаринасы
Вепрь атомдук субмаринасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
Россиянын Аскер-деңиз флоту дүйнөлүк океандагы ордун улам кеңейтип келет. Жыл сайын "Ясень-М" долбоорундагы көп буталуу атомдук субмариналар жана "Борей-А" долбооруна таандык стратегиялык багыттагы суу түбүндөгү ракеталык крейсерлер менен толукталып турат.
Россиялык өзөктүк үчтүктүн деңиз багытындагы күчү АКШ менен НАТОну эл аралык аренада РФтин кызыкчылыгын жана позициясын толугураак эске алууга аргасыз кыларын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Бул сапар автор РФтин дүйнөлүк океандагы ролуна, жетишкендиктерине токтолгон.
Ошону менен бирге эле Батышты Россиянын Аскер-деңиз флотунун белгисиз инструменттери да тынчсыздандырат. Мисалы, АС-31 "Лошарик" терең сууга ылайыкталган атомдук станциясы. Россиянын Аскер-деңиз флотунун курамына ай башында, тагыраак, 8-июлда "Белгород" көп буталуу изилдөөчү субмаринасы кошулду. Бортунда соккусунун күчү боюнча дүйнөнүн айныгыс чемпиону "Посейдон" өзөктүк учкучсуз аппараттары бар.
Анткен менен 10 миң чакырымга чейинки аралыкка ылайык 100 мегатонналык "Тозоктун күнү" торпедалары АС-31 "Лошарик" терең суудагы атомдук станциясынын технологиялык артыкчылыгын жашыра албайт. Анда штаттык ташуучусу – "Белгород" (атайын багыттагы БС-136 "Оренбург" жана БС-64 "Подмосковьеден" кийинки үчүнчү саптагы суу түбүндөгү атомдук кайык) экенин эске салалы.
2027-жылга дейре Россия дагы үч, ал эми андан соң ушундай дагы субмарина чыгармакчы. Ошентип РФ Аскер-деңиз флоту алдыдагы беш жылдыкта жети "Лошарик" менен жабдылат. Кайсынысы – 100 мегатонналык "Посейдон" торпедаларыбы же 6000 метрге чейинки тереңдикте да камчы салдырбаган сырдуу АС-31 станциялары маанилүү экени дегеле белгисиз. Эске салсак, башка кайыктар 1 000 метрге гана чөмүлө алат.
Соңку 30 жылда курулган дүйнөдөгү эң ири "Белгород" субмаринасы – РФ Коргоо министрлигинин өтө купуя Терең суулардагы изилдөөлөр башкы башкармалыгынын үчүнчү кемеси. Мындай кубаттуу кемелердин жалпы саны Россиянын жаңы, жогорку технологиялык "океандагы спецназынын" жаралышын тастыктайт. Бул негизинен татаал аскердик жана илим изилдөө милдеттерин аткарууга ылайыкталган. Арасында "Лошарик" өзгөчө ролду ойнойт.
1083 долбоорундагы АС-31 атомдук станциясы Россия Аскер-деңиз флотунун кынтыксыз, дабышсыз жана душманга карматпас суу түбүндөгү кайыгы экенин белгилейли.
Батыштагы адистер аны чалгындоочу катары сыпатташат. Бирок "Лошариктин" изилдөөчү жана аскердик дарамети көп кырдуу.
 Ирандын учкучсуз учугу Shahed 129. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ирандын Shahed дрондору абада америкалык HIMARS менен кез келиши мүмкүн

"Мультфильмдик" түзүлүшү

"Лошарик" – космостук куралдардан да кубаттуу технологиялардын эң жогорку баскычында жана жалаң сырларга жык станция. АС-31дин беш бөлүктөн турган биринчи титан корпусу сууга 2003-жылы Северодвинскиде салынган.
Түзүлүшү шарчалардан турган оюнчук тулпарды эске салат. Совет убагындагы кеңири таралган "Лошарик" мультфильминин каарманы (терең сууларга ылайык атомдук станциянын аталышы ушундан) эле.
Жеңил корпусу анын колдонуу чөйрөлөрүн жашырып, АС-31ди суу түбүндөгү көптөгөн башка кайыктардан айырмалантпайт. Техникалык мүнөздөмөлөрү уникалдуу. Дүйнөдө анын тендеши жок.
Титандан жасалган бекем каптоосу 1000 кг чейинки басымга туруштук берип, дүйнөлүк океандын эң терең сууларынын түбүнө чөмүлүүгө мүмкүндүк берет. Ачык булактардагы россиялык жана чет өлкөлүк булактарга таянсак, "Лошарик" 6 чакырымдан ашуун тереңдиктеги (топуракта да) автономдук иштер үчүн жасалган.
Өзөктүк реактору суу түбүндө 30 узелге чейинки же саатына 60 чакырымдык ылдамдыкта жүрүүгө шарт түзөт. АС-31дин узундугу – 60 м, туурасы – 7 м, сыйымдуулугу – 2100 тонна. Экипаждын курамы – 25-35 офицер. Сууда эки ай жүрө алат. Ичинде иш жана эс алуу, тамак жасоочу бөлүктөрү бар.
"Лошариктер" гидроакустикалык станция, байкоо салуунун оптикалык тутуму, механикалык манипулятор, учкучсуз дрондор менен жабдылганын да боолголоого болот. Борттук аппаратурасы суу түбүндөгү ландшафтты изилдеп, топурагында тышкы датчик жана башка нерселерди орнотуп, балким "Посейдондор" үчүн орун даярдайт.
Батыштагылар "Лошарик" ири көлөмдөгү маалыматтарды берүүдө пайдаланылган суу түбүндөгү телекоммуникациялык чубалгыларга туташа алат деп чочулайт. Андай кабелдердин бирин же бир нечесин жабыркатуу интернет-трафикти, банк транзакцияларын бузуп, телекоммуникациялык башаламандыкка кептейт. Реалдуулукта андан да маанилүү милдеттери бар.
Кошмо Штаттардын стратегиялык өзөктүк күчтөрүнүн негизин "Огайо" тибиндеги суу түбүндөгү кайыктарга жайгаштырылган "Трайдент-2" континенттер аралык баллистикалык ракеталары түзөрүн эске алуу абзел. Америкалык субмариналар жылдын 60 пайызы деңизде. Аскердик күзөттүн негизги база жана маршруттары белгилүү.
АКШнын жээктеринде аба мейкиндиги жана суу бети суу түбүнө караганда кыйла катуу көзөмөлдөнөт. Тегин жерден "Белгород" Тынч океан флотуна жайгашпаса керек. Мында кандайдыр географиялык ориентирлери, артыкчылыктары эске алынат.
F-16 учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Армагеддон эскадрильясы: Украинага F-16 учактарынын эмне зарылдыгы бар

География жана стратегия

"Лошариктин" изилдөө жана аскердик милдеттери тууралуу маалымат ачык булактарда чанда кездешет. Болгону кыйыр кабарлардан улам боолголоп мүнөздөөгө болот. Бир нече жыл оболу "Витязь" жасалма интеллекти менен суу түбүндөгү тескөөчүсүз автономдук аппарат Камчаткадан Марианс кобулуна дейре барган. Багытында ал океан түбүндөгү рельефти картага түшүрүү жана фото, видео тартуу менен алектенген. 10 чакырымга чукул тереңдикте да база – суу бетиндеги кеме менен чубалгысыз радиобайланыш үзүлгөн эмес.
Океандагы кобулдар аскердик маңызда душманга алпарчу эң коопсуз жолду камсыз кылат. Маселен, Мариан кобулу Гуам аралындагы америкалык Аскер-аба жана Аскер-деңиз күчтөрүнүн базаларына алып барат. "Лошарик" же "Посейдон" үчүн "карта" эбак даяр болушу толук ыктымал.
2012-жылдын сентябрында "Севморгео" экспедициясынын алкагында АС-31ди атайын багыттагы БС-136 суу түбүнө ылайыкталган "Оренбург" атомдук кайыгынын бортунда Түндүк уюл аймагына жеткиришкен. Ал жакта "Лошарик" эки чакырымдан ашуун тереңдиктен үлгү (проба) алып, кийин аны Москва Ломоносов жана Менделеев кыркаларынын континенталдык шельфтин россиялык бөлүгүнө таандык экендигинин далили катары колдонгон.
РФтин өз континенталдык шельфинин уландысы катары караган суу түбүндөгү аймактардын жалпы аянты 1,2 млн чарчы чакырымды түзөт. Кеңейтилген материктик тайыздыктагы көмүртектердин кору 5 млрд тонна шарттуу отун же мунайдын дүйнөлүк запасынын 12 пайызына тете бааланат.
Келечекте АС-31 Түндүк деңиз жолун коргоонун да милдетин алчудай. Атайын багыттагы БС-64 "Подмосковье" субмаринасы 24-июлда Кола жарым аралынан түндүккө карай жагында байкалган. Иш толуп жатат. Атайын адистештирилген Popular Mechanics, The National Interest жана башкалар өзөктүк "Посейдон" учкучсузунун кыйратуучу мүмкүнчүлүктөрүнө гана тыкыр көз салганы менен "Лошарик" да РФке кастарын тиккендердин катыгын берери бышык.
Россиянын Аскер-деңиз флоту үчүн терең сууларга ылайыкталган жана жасалма интеллекти менен роботтоштурулган тутумдарын өнүктүрүү дале уланууда.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Северсктеги Россиялык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Северск алынып, Славянскиге жол ачылды. Батыш "тозокко" бет алдыбы
Жаңылыктар түрмөгү
0