ЖМК: Кытай Тайвань менен болгон импорт-экспорт алакасына чектөө киргизе баштады

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
Жазылуу
Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапарына байланыштуу Кытай аралга жакын жерде аскердик машыгууларды баштап, чектөөлөрдү киргизүүдө.
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Шаршембиден тарта Кытай Тайвандан тоңдурулган балыктардын айрым түрүн жана цитрус жемиштерин өлкөгө киргизбейт. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чечим аталган азыктардан акыркы убакта зыянкеч табылгандыгына жана коронавируска байланыштуу кабыл алынган.
Мындан тышкары, Кытай шаршембиден тарта Тайванга кум экспорттоону токтоткону маалым болду.
Эске салсак, 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы Тайвандагы Суншань авиабазасына конгон. Ага чейин Кытай Пелосинин Тайванга барышы Америка — Кытай мамилелерине доо кетирерин айтып, Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин эскерткен. Ошондой эле АКШдан ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылган.
Бирок Кошмо Штаттардын администрациясы конгресс көз карандысыз структура экенин белгилеп, Пелоси аралга барар-барбасын өзү чечерин билдирген.
Пелоси Тайванга конору менен аэропорттон эле алгачкы билдирүүсүн жасап, АКШ Тайвандын демократияга умтулгандыгын урматтап колдой турганын айтты.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин сапарынан кийин Кытайдын армиясы Тайванга жакын үч акваторияда машыгууларын баштап, чектөөлөрдү киргизүүдө.
РФ ТИМи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Россия: Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоого укуктуу
Жаңылыктар түрмөгү
0