https://sputnik.kg/20260729/1102666697.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине министрлер... 29.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-29T09:00+0600
2026-07-29T09:00+0600
2026-07-29T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1d/1102666531_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1eeaf7f942c2337984c19227919c8f21.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, жеткириле турган күйүүчү май рыноктук баада сатылат. "Россиядагы ички кыйынчылыктарга карабастан алар мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин айтышты", — деди Амангелдиев. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан да ала баштаганы, ошондой эле Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.
Кыргызстанда браконьерлик үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, айрым учурларда жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эгер мыйзамсыз аңчылык же балык уулоо олуттуу зыян келтирсе, браконьерге 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми транспорт, кайык, авиация, жардыргыч заттар, химиялык каражаттар, электр тогу, синтетикалык торлор жана жаныбарларды массалык түрдө жок кылууга мүмкүндүк берген башка ыкмалар колдонулса, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.Белгилей кетсек, 10 миң сомдон жогору зыян олуттуу, 100 миң сомдон жогору зыян ири, ал эми 1 миллион сомдон жогору зыян өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян деп эсептелет.
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде экономиканын ар түрдүү тармактарындагы жалпы суммасы 100 млн доллардан ашкан 37 долбоорду бекитти. Бул тууралуу кыргыз-өзбек бизнес-форумунда Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди. Анын айтымында, каржыланган долбоорлордун арасында энергетика, транспорт тармагы, социалдык сектор, техника жеткирүү, тигүү ишканаларын каржылоо, ошондой эле Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга керектүү комплектациялоочу жабдууларды жеткирүү багытындагы демилгелер бар.Ал учурда фонд жалпы суммасы болжол менен 100 млн долларды түзгөн дагы 11 жаңы долбоорду иштеп чыгып жатканын билдирди. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун мааниси тууралуу айтып жатып, Азиз Аалиев мындай жолугушуулар жыл сайын өтүүчү салттуу форматка айланганын белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ишкерлерине жаңы өнөктөштөрдү табууга, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө жана каржылоого жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.Азиз Аалиев ошондой эле фонд улуттук валюталардын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди. “Учурда биз каржылоону доллар менен жүргүзүп жатабыз, бирок жакында улуттук валютада да каржылаганга уруксат алдык. Бул ишкерлерибиз үчүн ыңгайлуу шарт түзөт, анткени доллар менен иштегенде дайыма валюталык тобокелдик болот”, — деп белгиледи Азиз Аалиев.
Мобилдик "Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдир
Кыргызстан Россиядан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, жеткириле турган күйүүчү май рыноктук баада сатылат. "Россиядагы ички кыйынчылыктарга карабастан алар мүмкүнчүлүгүнө жараша Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экенин айтышты", — деди Амангелдиев. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан күйүүчү майды Беларусь менен Кытайдан да ала баштаганы, ошондой эле Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган.Кыргызстанда браконьерлик үчүн жоопкерчилик күчөтүлүп, айрым учурларда жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган мыйзам күчүнө кирди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, эгер мыйзамсыз аңчылык же балык уулоо олуттуу зыян келтирсе, браконьерге 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат же эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми транспорт, кайык, авиация, жардыргыч заттар, химиялык каражаттар, электр тогу, синтетикалык торлор жана жаныбарларды массалык түрдө жок кылууга мүмкүндүк берген башка ыкмалар колдонулса, 100 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.Белгилей кетсек, 10 миң сомдон жогору зыян олуттуу, 100 миң сомдон жогору зыян ири, ал эми 1 миллион сомдон жогору зыян өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян деп эсептелет.Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду 4 жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде экономиканын ар түрдүү тармактарындагы жалпы суммасы 100 млн доллардан ашкан 37 долбоорду бекитти. Бул тууралуу кыргыз-өзбек бизнес-форумунда Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди. Анын айтымында, каржыланган долбоорлордун арасында энергетика, транспорт тармагы, социалдык сектор, техника жеткирүү, тигүү ишканаларын каржылоо, ошондой эле Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга керектүү комплектациялоочу жабдууларды жеткирүү багытындагы демилгелер бар.Ал учурда фонд жалпы суммасы болжол менен 100 млн долларды түзгөн дагы 11 жаңы долбоорду иштеп чыгып жатканын билдирди. Кыргыз-өзбек бизнес-форумунун мааниси тууралуу айтып жатып, Азиз Аалиев мындай жолугушуулар жыл сайын өтүүчү салттуу форматка айланганын белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ишкерлерине жаңы өнөктөштөрдү табууга, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө жана каржылоого жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.Азиз Аалиев ошондой эле фонд улуттук валюталардын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү пландап жатканын билдирди. “Учурда биз каржылоону доллар менен жүргүзүп жатабыз, бирок жакында улуттук валютада да каржылаганга уруксат алдык. Бул ишкерлерибиз үчүн ыңгайлуу шарт түзөт, анткени доллар менен иштегенде дайыма валюталык тобокелдик болот”, — деп белгиледи Азиз Аалиев.Мобилдик "Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду. Бул тууралуу "Түндүк" ААКтан билдир
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1d/1102666531_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_636351e499faddb3bbc4b9f31baa5c6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио