https://sputnik.kg/20220802/rossiya-kytaj-suverenduuluk-korgoo-ukuktuu-1066504870.html
Россия: Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоого укуктуу
Россия: Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоого укуктуу
Sputnik Кыргызстан
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. 02.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-02T23:55+0600
2022-08-02T23:55+0600
2022-08-09T18:29+0600
кытай
акш
россия
тим
эгемендүүлүк
саясат
дүйнөдө
оппозиция
https://sputnik.kg/img/07e6/08/02/1066504826_0:166:2955:1828_1920x0_80_0_0_4c187add2946a3fae56e91311ed18baa.jpg
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайвандагы сапарына карата комментарий берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган Азия турнесин баштаган. Андан кийин маалымат каражаттары чиновниктин Тайванга баруу ниети тууралуу массалык түрдө жаза башташты. Ал өзү коопсуздук талаптарына таянып бул маалыматты тастыктабай келген. Ал арада расмий Пекин Пелосинин аралга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.
https://sputnik.kg/20220802/kytaj-tajvandyn-zhanynda-askerdik-mashyguu-1066504506.html
кытай
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/02/1066504826_31:0:2760:2047_1920x0_80_0_0_6a42bd1c5cca43828b1921af0e4290f8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кытай, акш, россия, тим, эгемендүүлүк, саясат, дүйнөдө, оппозиция
кытай, акш, россия, тим, эгемендүүлүк, саясат, дүйнөдө, оппозиция
Россия: Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоого укуктуу
23:55 02.08.2022 (Жаңыртылды: 18:29 09.08.2022) АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кытай өзүнүн суверендүүлүгүн коргоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө укуктуу. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайвандагы сапарына карата комментарий берип жатып билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Биз Тайвань булуңундагы бардык иш-аракеттер Кытайдын таза ички иши деп эсептейбиз. Кытай тарап Тайвань маселесинде өзүнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүүгө укуктуу. Россиянын принципиалдуу позициясы ушул. Тайвань Кытайдын ажырагыс бөлүгү", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал Япония, Түштүк Корея, Малайзия жана Сингапурга болгон сапарларды камтыган Азия турнесин баштаган. Андан кийин маалымат каражаттары чиновниктин Тайванга баруу ниети тууралуу массалык түрдө жаза башташты. Ал өзү коопсуздук талаптарына таянып бул маалыматты тастыктабай келген. Ал арада расмий Пекин Пелосинин аралга сапары “Бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалдын курчушуна алып келерин эскерткен.