00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унаалар, акча жана "оңой утуштар": интернет-лотереялардын тузагына түшүп калбоо жолдору
11:04
25 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Кыргызстан — Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода” аттуу Кыргыз-Өзбек бизнес форумунда кызматташуунун келечектүү багыттарын атады. Министрдин айтымында, ага оор өнөр жай, машина куруу, фармацевтика тармактары, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү кирет. Ошондой эле форумда өндүрүштү жергиликтештирүү, автокомпоненттерди биргелешип чыгаруу, заманбап технологиялар менен алмашуу жана ички рынокко жана экспортко багытталган өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 440,8 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 33,3 пайызга өстү. Импорт 336,5 млн АКШ долларына жетип, 1,7 эсеге көбөйдү. Экспорт 20,3 пайызга кыскарып, 104,3 млн АКШ долларын түздү.
Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердигине арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, тасманын режиссеру – Таалайбек Кулмендеев. Кинодолбоор Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган. Тасманын улуттук бет ачары 25-августка белгиленип, ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат. “Жусуп” тасмасы XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды көркөм чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун, элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Тартуу иштери Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.
Ысык-Көлдө өтө турган Formula 1 H2O эл аралык мелдешине даярдык иштери дээрлик аяктап, учурда 90 пайызы аткарылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, негизги көңүл көргөзмө уюштуруучу аянтчаны даярдоого бурулуп, бул иштер жакынкы эки күндүн ичинде толук жыйынтыкталат.Иш-чара үч күнгө пландалып, спорттук мелдештерден тышкары кеңири маданий программа да уюштурулат. Анда ата мекендик жана чет өлкөлүк ырчылар концерт беришет. Көргөзмө аянтчасында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар сунушталат”,- деди ал.Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, бул эл аралык деңгээлдеги мелдешке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн туристтердин көп келиши күтүлүүдө.
Telegram мессенджеринин негиздөөчүсү Павел Дуровго кылмыш ишинин алкагында террордук ишмердүүлүккө көмөктөшүү беренеси боюнча айып тагылганын Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Telegram администрациясы Украинанын атайын кызматтары диверсиялык жана террордук актыларды даярдоо, массалык адам өлтүрүүлөрдү уюштуруу, ошондой эле кибералдамчылык үчүн пайдаланып келген каналдарды, чаттарды жана ботторду өчүргөн эмес. Атайын кызматтын билдирүүсүндө, бул аракеттердин кесепетинен көптөгөн адамдар, анын ичинде аялдар жана балдар көз жуумп, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилгени айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0