https://sputnik.kg/20260729/1102678536.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында 2184 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,4 пайызга аз болгонун Улуттук... 29.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-29T17:00+0600
2026-07-29T17:00+0600
2026-07-29T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1d/1102678370_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0faa05edcdc5df7d5ce6d1e6e5280b72.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында 2184 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,4 пайызга аз болгонун Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, алты ай ичинде автокырсыктан 2967 адам жабыркап, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 45,3 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда 345 адам көз жуумп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайызга аз болгон. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2025-жылдын январь-июнь айларында өлкөдө 3 729 жол кырсыгы катталып, 5427 адам жабыркап, 346 адам көз жумган.Автокырсыктардын эң көбү Бишкек шаарында болгон. Андан кийинки орундарда Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары турат. Ошондой эле жашы жете электер катышкан 608 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 39,9 пайызга азайган. Бул кырсыктардан 50 бала каза болуп, 676сы жаракат алган.Ошондой эле мас айдоочулардын күнөөсү менен 105 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 43,2 пайызга азайган. Алардын кесепетинен 22 адам каза болуп, 143 адам жабыркаган.
Быйыл январь–май айларында Кыргызстан 267,7 тонна үй канаттуусунун этин жана эт азыктарын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Маалымдалгандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга көп.Экспорттолгон продукциянын баарын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Казакстан менен Россия сатып алган.
Ысык-Көлдө "Гамлет Гамлеттен тышкары" аттуу эл аралык театр лабораториясы өз ишин жыйынтыктап жатат. Чыгармачыл долбоор Россиянын Театр ишмерлер союзу тарабынан Кыргызстандын Маданият министрлиги жана Театр ишмерлер союзунун колдоосу менен уюштурулду.Долбоор Кыргыз-Россия Славян университетинин "Жаштык" окуу-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, лабораториянын негизги максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, жаш театр ишмерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана классикалык чыгармаларды заманбап ыкмалар менен сахнага коюунун жаңы жолдорун издөө. Долбоордун негизги темасы – дүйнөлүк драматургиянын эң белгилүү чыгармаларынын бири болгон Уильям Шекспирдин "Гамлет" трагедиясы. Лабораториянын ишине Россиядан келген студенттер жана жаштар театр жамааты, ошондой эле КРСУнун Жаштар славян театры катышууда.
БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын жаңы баяндамасына ылайык, ВИЧке каршы күрөшүү программаларын каржылоо мындан ары да кыскарса, дүйнөдө эпидемиянын күчөшү ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Баяндамада белгиленгендей, ВИЧке каршы иш-чараларды каржылоого ар кайсы өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн эл аралык каражаттын көлөмү 2024-жылдагы 8,8 миллиард доллар көлөмүндө турса, былтыр 7,3 миллиард болуп калган. Тагыраагы, 18 пайызга төмөндөп, акыркы жыйырма жылга жакын убакыттагы эң төмөнкү көрсөткүч катары бааланууда.UNAIDS уюмунун маалыматына ылайык, эл аралык каржылоонун кыскарышы, ошондой эле ВИЧти алдын алуу жана калк менен иштөө программаларына бөлүнгөн каражаттын азайышы эпидемиянын кайра күчөшүнө алып келиши ыктымал. 2025-жылы дүйнө жүзүндө дагы 1,2 миллион адам ВИЧ жуктуруп, 570 миң адам СПИДден каза болгон.
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларында 2184 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,4 пайызга аз болгонун Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, алты ай ичинде автокырсыктан 2967 адам жабыркап, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 45,3 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда 345 адам көз жуумп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайызга аз болгон. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2025-жылдын январь-июнь айларында өлкөдө 3 729 жол кырсыгы катталып, 5427 адам жабыркап, 346 адам көз жумган.Автокырсыктардын эң көбү Бишкек шаарында болгон. Андан кийинки орундарда Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустары турат. Ошондой эле жашы жете электер катышкан 608 жол кырсыгы катталып, бул көрсөткүч 2025-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 39,9 пайызга азайган. Бул кырсыктардан 50 бала каза болуп, 676сы жаракат алган.Ошондой эле мас айдоочулардын күнөөсү менен 105 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 43,2 пайызга азайган. Алардын кесепетинен 22 адам каза болуп, 143 адам жабыркаган.Быйыл январь–май айларында Кыргызстан 267,7 тонна үй канаттуусунун этин жана эт азыктарын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Маалымдалгандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга көп.Экспорттолгон продукциянын баарын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө Казакстан менен Россия сатып алган.Ысык-Көлдө "Гамлет Гамлеттен тышкары" аттуу эл аралык театр лабораториясы өз ишин жыйынтыктап жатат. Чыгармачыл долбоор Россиянын Театр ишмерлер союзу тарабынан Кыргызстандын Маданият министрлиги жана Театр ишмерлер союзунун колдоосу менен уюштурулду.Долбоор Кыргыз-Россия Славян университетинин "Жаштык" окуу-ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, лабораториянын негизги максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өнүктүрүү, жаш театр ишмерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана классикалык чыгармаларды заманбап ыкмалар менен сахнага коюунун жаңы жолдорун издөө. Долбоордун негизги темасы – дүйнөлүк драматургиянын эң белгилүү чыгармаларынын бири болгон Уильям Шекспирдин "Гамлет" трагедиясы. Лабораториянын ишине Россиядан келген студенттер жана жаштар театр жамааты, ошондой эле КРСУнун Жаштар славян театры катышууда. БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча бириккен программасынын жаңы баяндамасына ылайык, ВИЧке каршы күрөшүү программаларын каржылоо мындан ары да кыскарса, дүйнөдө эпидемиянын күчөшү ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Баяндамада белгиленгендей, ВИЧке каршы иш-чараларды каржылоого ар кайсы өлкөлөр тарабынан бөлүнгөн эл аралык каражаттын көлөмү 2024-жылдагы 8,8 миллиард доллар көлөмүндө турса, былтыр 7,3 миллиард болуп калган. Тагыраагы, 18 пайызга төмөндөп, акыркы жыйырма жылга жакын убакыттагы эң төмөнкү көрсөткүч катары бааланууда.UNAIDS уюмунун маалыматына ылайык, эл аралык каржылоонун кыскарышы, ошондой эле ВИЧти алдын алуу жана калк менен иштөө программаларына бөлүнгөн каражаттын азайышы эпидемиянын кайра күчөшүнө алып келиши ыктымал. 2025-жылы дүйнө жүзүндө дагы 1,2 миллион адам ВИЧ жуктуруп, 570 миң адам СПИДден каза болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1d/1102678370_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_00ac93dcfc12d7b64f6923effd338c22.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио