https://sputnik.kg/20260729/1102681101.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Келечек оюндары – 2026" мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Астана шаарына барды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо"... 29.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-29T19:00+0600
2026-07-29T19:00+0600
2026-07-29T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1d/1102680935_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_41ca5909260f5e3fd237c3e925fc3ed5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Келечек оюндары – 2026" мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Астана шаарына барды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.Маалымдалгандай, мамлекет башчысын Астана шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.Сапардын алкагында Жапаров "Келечек оюндары – 2026" эл аралык мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Бул туурасында "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Президент Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизген документке бүгүн кол койду. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Тагыраагы, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында болот. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосу учурдагы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт. Мыйзамда президентти жана парламент депутаттарын шайлоо күндөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, эмгек акысы сакталган дем алыш күн болуп эсептелери белгиленди. Ошондой эле талапкер болууну каалаган жарандар жана саясий партиялар шайлоо документтерин тапшырардан мурда өздөрүнүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү болот. Шайлоо фондуларын түзүү, каражаттардын түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт. Мыйзамга ылайык, талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо төгүмдөрүн өздөрүнүн шайлоо фондуларынан төлөшү керек. Тиешелүү банктык документ жок болсо, талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп эсептелип, кайтарылып берилет.
Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча чаралар күчөтүлөт. Мэрия бул боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Документте белгиленгендей, акыркы жылдары борбор калаада автоунаалардын саны кескин көбөйүп, көчөлөргө унаа батпай тыгын болууда жана экологиялык абалдын начарлашына алып келүүдө. "Бишкек негизи 50 миң автоунаага ылайыкталганы менен, учурда аймактардан киргендерди эсептебегенде да 400 миңден ашуун транспорт катталган. Ал эми коомдук транспорт тармагында күн сайын каттамга 1,3 миңдей автобус жана электробус чыгып, 800 миңдей жүргүнчү ташыйт", — деп жазылат долбоордун негиздемесинде. Мындан улам мэрия коомдук транспортко артыкчылык берүүнү, жол кыймылынын атайын режимдерин киргизүүнү жана жол инфраструктурасын жаңылоону көздөөдө. Ошондой эле ведомстволор аралык штаб түзүп, 2026–2030-жылдарга карата комплекстүү иш-чаралар планын кабыл алуу каралган.
Президент Садыр Жапаров "Келечек оюндары – 2026" мелдешинин ачылыш аземине катышуу үчүн Астана шаарына барды. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.Маалымдалгандай, мамлекет башчысын Астана шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.Сапардын алкагында Жапаров "Келечек оюндары – 2026" эл аралык мелдешинин ачылыш аземине катышат. Ошондой эле мелдештер өтө турган спорттук аянтчаларга барат.Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. Бул туурасында "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Президент Садыр Жапаров шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизген документке бүгүн кол койду. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөт. Тагыраагы, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында болот. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин кезектеги шайлоосу учурдагы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү аяктаган айдын шаршембисинде өткөрүлөт. Мыйзамда президентти жана парламент депутаттарын шайлоо күндөрү иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө карабастан, эмгек акысы сакталган дем алыш күн болуп эсептелери белгиленди. Ошондой эле талапкер болууну каалаган жарандар жана саясий партиялар шайлоо документтерин тапшырардан мурда өздөрүнүн шайлоо фондун түзүүгө милдеттүү болот. Шайлоо фондуларын түзүү, каражаттардын түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартибин Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт. Мыйзамга ылайык, талапкерлер жана саясий партиялар шайлоо төгүмдөрүн өздөрүнүн шайлоо фондуларынан төлөшү керек. Тиешелүү банктык документ жок болсо, талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп эсептелип, кайтарылып берилет.Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча чаралар күчөтүлөт. Мэрия бул боюнча президенттин жарлыгынын долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Документте белгиленгендей, акыркы жылдары борбор калаада автоунаалардын саны кескин көбөйүп, көчөлөргө унаа батпай тыгын болууда жана экологиялык абалдын начарлашына алып келүүдө. "Бишкек негизи 50 миң автоунаага ылайыкталганы менен, учурда аймактардан киргендерди эсептебегенде да 400 миңден ашуун транспорт катталган. Ал эми коомдук транспорт тармагында күн сайын каттамга 1,3 миңдей автобус жана электробус чыгып, 800 миңдей жүргүнчү ташыйт", — деп жазылат долбоордун негиздемесинде. Мындан улам мэрия коомдук транспортко артыкчылык берүүнү, жол кыймылынын атайын режимдерин киргизүүнү жана жол инфраструктурасын жаңылоону көздөөдө. Ошондой эле ведомстволор аралык штаб түзүп, 2026–2030-жылдарга карата комплекстүү иш-чаралар планын кабыл алуу каралган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1d/1102680935_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9697314bd28532422fe6c0fbe0ccb0ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио