Какайган жоокерге суу сунган полициядан кырылган ташбакаларга чейин. Апта ирмеми
Какайган жоокерге суу сунган полициядан кырылган ташбакаларга чейин. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Францияда токойлорду өрт алды, япониялык киши ташбакалардын убалына калды. Ал эми Россияда эң татынакай кызды тандашты. Sputnik өткөн аптадагы маанилүү... 25.07.2022, Sputnik Кыргызстан
Францияда токойлорду өрт алды, япониялык киши ташбакалардын убалына калды. Ал эми Россияда эң татынакай кызды тандашты. Sputnik өткөн аптадагы маанилүү окуялардын сүрөт ирмемдерин тартуулайт.
Жирондогу (Франция) жалбырттаган жалын. Токойдон чыккан өрт жети гектарга жакын жердегилердин баарын жалмап кетти. Он миңдеген адамдар кырсыктуу аймактан көчүрүлдү
Суу коштогон номерлер. Лондондо фонтанда талантын көрсөтүп жаткан көчө артисттери. Дүйнөнүн көп жерлеринде күн ысып, бардык жандуу, табият аптапта калды
Түркия, Россия жана Иран президенти Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, Ибрахим Раисинин сүрөтү. Үч лидер Сирия маселесин жөнгө салуу боюнча Астана процессине кепилдик берген мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда түшкөн
"Ысык-Көл" аэропортунда кыздар Чолпон-Атага келген президенттерди гүл жана боорсок менен тосуп алышты. Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары өткөн жумада Кыргызстанга консультативдик жолугушууга келишкен эле
Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары Чолпон-Атадагы консультативдик жолугушуу учурунда. Анын жыйынтыгында президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Мындан тышкары, XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту